Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы сотко чейинки тергөө амалдарын башталганын айтып, Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы кагылышуу боюнча кылмыш иштери козголгонун билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 7-августтагы факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264 жана 266-беренелери (“массалык башаламандык” жана “бейбаштык”) боюнча каттоого алынды.