Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылуу жасады. Ал өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, «аскердик ок да колдонулду. Биз, мен да, Кой-Таштагы башка адамдар да террорист эмеспиз”,-деп билдирди

Ал бийликке буга чейин жазуу түрүндө көрсөтмө берүүнү бир нече жолу сунуштаганын белгиледи.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте чыгып кетүүсү боюнча эч кандай күнөөсү жок экенин да маалымдады. «Дагы бир жолу бийликке айтам. Токтогула, аягы жаман бүтөт», — деди Атамбаев.