“Республика” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов м “Фесбуктагы” баракчасына Кой-Таштагы окуя боюнча =з пикирин жазды:

-Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир өлкө президентине тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек! 2002 жылы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергендиги үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010 жылы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды экинчи эч кайталабайлы!