Бир канча убакыттан бери «Азаттык» сайты көп жерде ачылбай калды. Айрым гана интерент түйүндөрүнөн ачылып жатат. Аталган сайт кечээ түнү Кой-Ташта УКМКнын Атамбаевди кармоо операциясын түз эфирде көрсөткөн. Андан бери да улам жаӊы маалыматтарды жайгаштырып, элди маалымат менен камсыздап жаткан. Азырынча «Азаттыктын» журналисттери сайт эмне себептен иштебей калганын териштирип жатышат. Бул сайт чет өлкөдөн да ачпай калган. Маалым болгондой канкор Бакиевдин кандуу бийлиги да учурунда «Азаттыкка» кысым жасап, КТРКдан чыгарбай, сайтына чабуул кылып келген. Азыркы бийлик да ошол эски бийликтин элирмесин карматып жаткандай… Негизи эле ЖМКларга, журналисттерге кысым кылуунун арты жакшы менен бүтчү эмес эле. Бул бийлик эси барда этегин жабышы керек!