Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары алтын кениндеги кытай-кыргыз «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын иши токтотулганын маалымдады. Анын билдирүүсүн өкмөттүн басма сөз кызыматы таратты

Чечим Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын корутундусунун негизинде кабыл алынганы айтылды. Буга чейин өкмөт аталган компания ишин бир айга токтотоорун айткан. ал эми өкмөт башчы Абылгазиев болсо, Солтон-Сарыдагы чыр чатак кен казуу ишин токтотууга себеп болбошу керектигин айткан. Жергиликтүү эл Солтон-Сарыдагы алтын казган кытайлрды чыгып кетүүгө убакыт берип, кен казылбасын деген талап койгон.

«Zhong Ji Mining Company» Бишкектен 355 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан Солтон-Сарыда 2009-жылдан тартып иштейт. Кен Бучук жана Алтын-Төр деген эки участоктон турат.

Бучук участогунан алтын казууга 20 жылга уруксат берген 3228 АЕ лицензиясы 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин берилген. Бул лицензияга Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин ошол кездеги башчысы Ишимбай Чунуев кол койгон.