УКМК: Латвиянын укук коргоо органдары Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата «акчанын изин жашыруу» фактысы боюнча кылмыш ишин козголгону маалымдады.

Маалыматта: бул иш Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргызстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Латвиянын Каржылык чалгын кызматынан алынган маалыматтын негизинде козголгону маалым болгону айтылат.

УКМКнын билдирүүсүндө : “Интерполдун Рига шаарындагы бюросунун маалыматына караганда, Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган. Кийин ал эсептер аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон” деп айталат

Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн “мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.