Бүгүн ТЭЦ боюнча коррупциялык иштин алкагында жүрүп жаткан сотто Жк депутаты, комитет төрагасы Каныбек Иманалиев күбө катары сурак берди. Ал ЖЭБди оңдоп-түзөө процессине башынан аягына чейин катышкан ошол кезде президенттик аппараттын бөлүм башчысы Сапар Исаков болгонун айтты.

Исаковдун адвокаты Замир Жоошевдин депутка «ТВЕАнын өкүлү менен таанышсызбы?» деген суроосуна Иманалиев «Жок» деп жооп берген. Бирок Жоошев тергөөнүн ТВЕАнын өкүлү Мусажан Макелек уулу 2015-жылы Иманалиев менен жолукканы тууралуу материалын көрсөтүп, далилдеди. Ошондой болсо да Иманалиев андай кишини тааныбай турганын айтып, безилдеди.

Эске сала кетсек, Каныбек Иманалиев ЖКда профилдик комитеттин төрагасы катары ЖЭБди оӊдоп -түзөө боюнча маселеге түздөн-түз катышып, учурнуда укмуш колдоп келген.