Солтон-Сарыда чогулган эл жол тосуу үчүн ылдый түшө баштады. Бишкек-Торугарт унаа жолунун боюна, Кара-Чий айылынын тушуна сегиз боз үй тигилди. Эки күн мурун Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 600-700гө чукул адам ишти токтотууну талап кылып чыгышкан. Алар кытайлык компанияга Солтон-Сарыдан чыгып кетишине 3 күн убакыт берген.

Ошол күнү чыккан чырдан компаниянын 20 кызматкери жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылган.

Кытайдын «Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны алгач 2009-жылы алып, андан кийин да узартышкан.

Лицензия берилген аймакта бир маалыматта 12 тоннага, башка бир маалыматтарда 20 тоннадан ашуун алтын бар экени айтылат. Бул чет кытай компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлыгы 20-25 миң сом экени айтылууда.