Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын даярдыктагы куралчан күч кызматтары жүргөнүн анын тарапташтарынын «Фейсбуктагы» түз эфиринен көрүүгө болот. Ал көрсөткөн түз эфирде куралдын атылган үнү дагы угулду. Айрым маалыматтарда бир канча кишиге желим ок тийген. Атамбаев азырынча үйүндө экени кабарланууда.

Окуя болгон жерде депутат Ирина Карамушкина да жүргөнүн көрүүгө болот. Береги тасмадан мурунку депутат Мирбек Мискенбаев жана да бир канча адам жарадар болгонун көрүүгө болот. Дагы бир мурунку депутат Нурбек касымбеков да катуу токмоктолгону айтылууда.

Опубликовано Мирбек Айтикеев Среда, 7 августа 2019 г.

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын күчтөр келгенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да жазды.

Атайын даярдыктагы куралчан күч кызматтары Алмазбек Атамбаев өз үйүндө адаттагыдай эле эл менен жолугушууга чыкканда келишкен.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келген.