6-августа Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу иш каралып, Биринчи май райондук соту чыгарган чечим өзгөртүлдү.

Ал чечимге ылайык соттолуучулар, “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, “Электр станциялар” компаниясынын мурдагы башчысы Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов материалдык чыгым катары “Электр станциялар” компаниясынын пайдасына 3 млн. 808 миң 702 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ал эми ушул эле соттолуучулар “Бишкектеплосеть” ишканасынын пайдасына материалдык чыгым катары 1 млн. 376 миң 682 сом төлөп бериши керек.

Калиев, Кыдырбаев жана Бримкуловдун жаза мөөнөтү боюнча чечим өзгөртүүсүз калды. Бирок Кыдырбаевдин жаза мөөнөтү аяктагандыктан сот залынан бошотулду. Айыпталуучулардын жактоочуларынын доо арыздары канааттандырылган жок.

Булак: azattyk.org