Баңги затты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурунку –төрагасы, милициянын генерал-майору, мурунку президент Атамбаевдин кан кудасы Алымбай Султановдун жубайы 66 жашында каза болду.
Жерге берүү зыйнаты 8-августта Бишкекте өтөт. Маркум Улуттук илимдер академиясында көп жыл эмгектенген. Техника илимдеринин доктору, профессор илимий наамдарына жетишкен жана Техника илимдери боюнча мамлекеттик сыйлыкты да алган.