Бир аз мурунурак Кой-Таштагы Атамбаевдин үйү өртт=нүп жатканы боюнча маалымат чыккан. Өрт канчайча чыкканы азырынча белгисиз.

УКМК: «Атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат», — деп маалымат таратты.

Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Кой-Таштагы кырдаал боюнча
Инстаграмдагы баракчасына: “Биринчиден, менин атам эч кайда качкан жок. Эч ким аны кармаган жок. Ал коопсуз жерде деген имиш – карандай жалган. Ал дагы деле Кой-Ташта”, — деп жазды. Буга чейин Атамбаев кармалды деген маалымат тараган.