Жогорку Кеңештин депутаты Элбвира Суравалдиева өзүнүн соц баракчасы аркылу Солтон-Сарыдагы окуяга кабатырланып жатканын жазып, бул окуяга кайдыгер карабоого үндөдү.

Төмөндө депутат айымдын пикири толугу менен:

Урматтуу Төрага! Урматтуу коллегалар!
Элдин айласын кетиртпей, депутаттар чогулуп, маселени талкуулайлычы. Көңүлүн калтырып бүттүк, жалгыз таштап салдык — канча ызы-чуунун үстүндө жай бою жүрөбүз. 
Солтон-Сарыда милиция элди коргош керек эле, тескерисинче болуп жаткан видеолор таратылып жатат. 
Өкмөт менен президентти да чакыралы.

Updated. Урматтуу туугандар. Өкмөт өкүлдөрү Солтон-Сарыга жөнөптүр. Паникага берилбеш керек, маселе чечилип, жоопкерчиликке күнөлүүлөр тартылат деген жооп келди. Бекер ызы-чуу чыгарбай, элге да, бийликтегилерге да жаман көрүнбөй, эс алууну уланта бер деген да сунуштар болду. 👀 Макул. Комменттерди жазгандарга ыраазычылык, ой-пикирлер кызыккан тараптардын көпчүлүгүнө маалымат болсун

Урматтуу Төрага! Урматтуу коллегалар! Элдин айласын кетиртпей, депутаттар чогулуп, маселени талкуулайлычы. Көңүлүн…

Опубликовано Эльвира Сурабалдиева Понедельник, 5 августа 2019 г.