“Ар бир кесип ардактуу” деген сөз бар эмеспи. Анткени ар бир адам өз кесибин туура тандап алганда гана ийгиликке жетери баарыӊыздарга эле маалым болсо керек. Бирок көр тириликтин айынан  айрымдар  акча табуу үчүн ар кандай иштер менен да алек алек болот экен. Эмесе  кызыктуу кесиптер тууралуу кеп кылмакчыбыз.

                                     Аралды кароочу

Бир нече жыл мурда бул кесип тууралуу маалымат интернетке тарап, дүйнөдөгү жалкоолордун кызыгуусун арттырган. Тропикалык аралда акысыз даамдуу тамак-аштар менен азыктанып, көӊүл кушун оболоткон музыка угуп, кызыктуу тасмалардан көрүп жаткандан артык бейиш барбы?!. Ал эми жумуш туурасынада айтсак, күнүгө эртеӊ менен аба-ырайынын табын, ири деӊиз ташбакаларынын маанайын эле жазып туруу керектелет.  

                                         Жөжө адиси

Чындыгында күлкүлүү угулушу мүмкүн, бирок бул-айылдагы эӊ көп мапяна алуучу кесиптердин бири катары эсептелет. Себеби, жарык дүйнөгө келген жөжөнүн эркек же ургаачы экенин билүү-баарынын эле колунан келе бербейт. Бул нерсени так жана туура аныктоо үчүн жөжө боюнча атайын адис таамай көрүүгө ээ болушу керек. Анан ушундай саргайган, жумшак, жагымдуу жандыкты титиреген колдор менен кармап алып, эркелеткен кандай сонун.

                                          Ресторан сынчысы

Ресторан сынчысы-кулинария жана ресторан тармагындагы адис. Ал тамактануучу жайларды мамлекеттик деӊгээлде мыйзамдаштыруу менен алектенет. Ал тамактын даамын билүү үчүн ооз тийип көрөт, бирок жутпайт, чайнап, даамын билген соӊ көмүскө жерге барып, акырын түкүрүп коёт.

                                              Акча дизайнери

Акча дизайнери тынбай иштебесе дагы, буйрутма болгон учурда жакшы эле эмгектенет. Ал эми ошол убактылуу жумуштун энергиясы-адамга өмүр бою жетсе керек. Бирок кайсы бир акчанын дизайнын ойлоп табуу үчүн, алгач чоӊ сынактан өтүү керек.

                                               Жаратылыш боюнча адис

Мындан бир нече жыл мурда Австралия мамлекети эл аз жашаган штаттарда туризмди өнүктүрүү үчүн иш баштаган. Анда жаштарды жумушка чакыруу үчүн бир нече вакансия  жарыялаган. Алардын арасында эӊ кызыктуу бир кесип болгон-жапайы жаратылышты коргоо боюнча адис деген. Аталган вакансияны баарынан көп каалоочулар тандаган. Эмнеге дебейсизби? Анткени, сейил бактын администрациясы ар бир таӊда коаланы кучактаганга уруксат берип койгон.

Салтанат Саламатова