Мындан бир жума мурун Дача-Су каргашалуу окуясында телефондорду уурдап, суралып жаткан адамдардын саны 100гө жакын деген маалымат жаздык эле. Бир жума өткөн соң ИИМ бул боюнча үн катып, окуянын чоо-жайын тастыктады. Азырынча ӨКМдин 22 кызматкери кылмышка шектелип суралып жатат. Ал эми алты кызматкерине карата соттон 31-июлда өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. ИИМ азырынча ушул гана маалыматтарды тастыктаган. Калганын ачыктай элек. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Дача-Суу айылына кулап, ал кырсыктан айылдын 35 тургуну, андан тышкары учактагы төрт учкуч мерт болгон. «Гонконг–Бишкек-Стамбул» багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Учактан түшкөн жүктөрдүн арасынан гаджеттер үчүн пайдалана турган кыргыз тилиндеги нускамалар, электрондук жабдууларды колдонуу боюнча кыргызча документтер табылган.