Береги тасманы окуя болгон жерден журналист Айбек Бийбосунов тартып, интернетке жарыялады. Анын айтымында Кочкордун чыга беришинде жол жапкандардын саны 500гө жеткен. Алар жалпы Нарын облусундагы кытайларды чыгаруу болгон. Жолдо кичи автобус менен бараткан 15тей кытайды кармап, токтотушкан.

Эске сала кетсек, кечээ кечинде Солтон -Сарыда алтын кенин иштеткен кытайлар чогулуп барган элге алгач таш ыргытышып, чатак чыгарышкан.

Алгач эки тарап бири бирин таш менен уруп, андан кийин жаалданган жергиликтүү эл кытай компаниясынын кызматкерлерин токмоктоп салышкан. Айыл тургундарынын арасынан да бир нече кишиге таш тийгени айтылып жатат. Жергиликтүү эл компаниянын айрым жүк ташуучу автоунааларынын терезесин сындырып, тоодон ылдый айдап түшкөн.

Учурда милиция кызматкерлери чатакташкандарды тынчтандырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кен чыккан жерден кете элек. Эл да тарабай турат. Нарындан окуя болгон жерге “Тез жардам” кызматы барган. Жалпы жарат алгандардынс аны 30дан ашканы айтылууда. Ал эми учурда өкмөттөн биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов чыр чыккан жерге баратканы айтылууда.