Нарындын Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 600-700гө чукул киши дагы эле ишкананын ишин токтотууну талап кылып турушат. Чоглуган эл алтын кенге е жакын жерде мал союп, казан асышкан. Ал эми Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов аларга «Jhong ji Mining» компаниясынын ишин бир айга убактылуу токтотуу боюнча Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын чечимин көрсөткөнү менен чогулгандар, Кайыповдун сөзүн четке кагып: «кытайлык ишкана үч күндүн ичинде Солтон-Сарыдан чыгып кетсин» деген талапты коюшкан. Учурда абал тынч.

Солтон-Сары кенинде чыккан жаңжалдан жабыркаган «Jhong ji Mining» компаниясынын 19 кызматкери бүгүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан чыгарылды.