Нарындын Солтон-Сары кенинде бүгүн кечке маал 500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына барганы маалым болгон. Чоглун эл кытайлык компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылышкан. Ортодо пикир келишпестик болуп, кытай компаниясынын бир канча кызматкерлери токмоктолду. Кытайлар бириинчи кыргыздарды таш менен чаап кубалашкан. Кыргыздар алараг жооп кылышкан.

Чатак болгон жерде облус башчысы Аманбай Кайыпов бар.

3-августта Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан. Чатактан Оттук айылынын эки тургуну жабыркап, ушул тапта Нарын облустук ооруканасында жатат. Ал эми кытайлык компаниянын 12 өкүлү Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берип жатышат. Буга чейин аталган кенде майда жана бодо малдар кырылып жатканы ачыкталган.