Айыл чарба министрлигинде эл аралык жаңжал чыкканы турат. Бул туурасында социалдык тармак колдонуучулары жазып чыгышты.  
Кытайда жыл сайын өтүүчү «XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу» эл аралык жарманкеге катышуу үчүн айыл чарба министринин орун басары рангындагы кызматкерге чакыруу келген. Жол кире, тамак-аш жана башка чыгымдарды чакырган тарап төлөп берери айтылган. Маалыматта жетекчилик жеке кызыкчылыктардан улам талапка туура келбеген кызматкерди жөнөтүүгө белсенип жатышканы айтылат. Аталган жарманке 23-26-августта өтмөкчү.  Министр Чодуев Кытайга орун басарларынын бирин жибербестен, өзүнө «жакын» деп эсептелген экспорт бөлүмүнүн башчысы  Анаркүл Беккулиеваны жөнөткүсү келгени ачыкталды.

Бөлүм башчы кантип орун басар кызматына теӊ боло алат. Бул жагы чын эле чоӊ суроо жаратып турат. Анын кызматы министрдин орун басары макамына туура келет деген документти колуна алган. Кызыгы, бул жасалма маалым катка Чодуев өзү кол койгон эмес, орун басары Исаевге түртө салганы ачыкталды. Мындай маалыматка ичи чыкпаган Кытай  тарап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү суроо жөнөткөн.

. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева бул тууралуу өз баракчасына буларды жазды:

«Жергиликтүү калкты жыргатпаган жетекчилер эми ушинтип бизди эл аралык деңгээлде да уят кылып бүтүрүшөт турбайбы? Жакында эле кармалган Токой чарба агенттигинин жетекчиси Рустамов өзүнүн шоопурун командировкаларга жөнөткөнү да маалым болгон. Жоопкерчиликке эч ким тартылган эмес. Унчукпаса боло берет экен да? Урматтуу өкмөт башчысы, ТИМ, булар минтип кутурушса, башка министрликте эмне болуп жатканын ким көзөмөлдөп жүрөт?» — деп жазган.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20190805/1045302205/ayyl-charba-ministrligi-bolum-bashchy-kytay-sapar.html

Амангелди Исаев премьер-министр Абылгазиевдин группалашы жана досу экени айтылууда.