Кыргызстанда быйылкы жылдын биринчи жарымында салык пландан аз чогулганы маалым болду. Мекеменин ишин жана пландарын талкуулоого арналган жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда.

Быйыл алгачкы алты айда 38 миллиард 238 миллион сом салык жана төлөм чогултулган.

План 96,2 пайызга аткарылып, салык пландалгандан
1 млрд. 517,4 млн. сомго аз жыйналган. Бирок бул көрсөткүч былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда 725 миллион сомго көп. Салыкты талапка ылайык чогулта албаган шаар жана аймактар: Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы, Ысык-Ата, Панфилов, Ноокен, Токтогул райондору жана Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Балыкчы шаарлары.