4-августта Бишкектин Дордой конушундагы жеке менчик үйлөрдүн жанында курулган кампада чыккан өрт чыккан. Жалынды өрт өчүрүү мекемесинин кызматкерлери өчүргөн.

ӨКМдин берген маалыматы боюнча жалын 1500 чарчы метрлик аянтты жалмаган.

Өрттөн турмуш-тиричилик техникалары сакталган эки кампа зыян тарктан. Учурда өрттүн эмнеден улам чыкканы белгисиз.

Бишкектин түндүк тарабындагы бул конуш «Дордой» базарына канатташ жайгашкан.