2-августта Чүй облусунун соту дарыканадан 25 миң сом уурдаган адам боюнча чыгарган Токмок шаарынын сотунун өкүмүн өзгөрттү. Чүй облусунун сотунун чечимине ылайык, айыпталуучу Замир Кожоканов эки жарым жылга кесилип, 50 миң сом айып төлөй турганы маалым болду. Жакында Токмок шаарынын соту Кожокановду 70 миң сом айыпка жыгып, беш жылга эркинен ажыраткан.

Айыпталуучу Замир Кожоканов ооруп жаткан кызына дары алууга акчасы жок үчүн кылмышка барганын айтып, күнөөсүн мойнуна алып, милицияга өзү барган. Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууга түшүп, колдонуучулардын көбү соттон ишти кайра карап чыгып, жазасын жеңилдетүүнү суранып жатышат.