Дүйнөгө белгилүү, оор салмактагы бокс чемпиону спорттогу карьерасын жыйыштыргандан кийин, 2012-жылы саясатка аралашып, Украинанын Жогорку Радасына депутат болуп шайланган. Эки жылдан кийин Киев шаарына мэр болгон. Бирок ал саясатта өзүн көрсөтө алган жок. Зеленский президент болгондон бери аны кызматтан алуу маселеси козголгон. Кечээ күнү болсо Кличко Украинадан чыгып кетти деген маалыматтар чыкты. Андан бир аз мурун, ал президент Зеленскийге кызматта калуу үчүн 20 миллион доллар сунуштап, президент андан баш тартканын билдирген. Эске сала кетсек, атактуу боксчу Кыргызстанда жарык дүйнөгө келген.