Төрт эмдин ата-энесине белекке батир тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

1-август күнү президенттик аппараттан Алмаз Кененбаев, Октябрь райондун акими Максим Ситников жаңы төрөлгөн ымыркайларды көрүп, балдардын ата-энесин конушу менен куттуктады.

Смановдордун балдары Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай  муниципалитеттен акысыз сүт азыктарын ала алышат. Ошондой эле ар ай сайын 3240 сомдон жөлөк пул берилет.

Эске салсак, быйыл 25-февралда Азамат Сманов менен Нурайым Рысмат кызы төрт эмдүү — үч кыз, бир уулдуу болушкан. Аларга Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай деп ат коюшкан. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков аларга турак жай алуу үчүн 2 миллион сом бөлсө, өкмөт үй-бүлөнүн кем-карчына деп 150 миң сом берген.

Мэриядан кабарлашкандай, Смановдор Тунгуч кичи районунда туугандарынын үйүндө жашап келишкен. Эми алар Көк-Жар конушунан алган өзүлөрүнүн үйүнө көчүп келишти.