Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбековду ээлеген кызматынан бошотту. Ал төрагалык кызматтан берген арызына байланыштуу бошотулганы расмий айтылды. Оңолбеков бул кызматта өткөн жылдын май айынан бери иштеп жаткан. Өкмөт башчынын буйругуна ылайык бүгүн Бажы кызматынын башчылыгына Алтынбек Торутаев дайындалды. 42 жаштагы Торутаев 2016-жылдан баштап Оӊолбековдун биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал Бажы кызматында 2007-жылдан тарта иштей баштаган. 2010-жылдардан тарта Бажы кызматында ар кандай жооптуу кызматтарды аркалап келет. Бажы кызматынын «Ош» бажы башкармалыгын да жетектеген.

Билими:

  • 1994 – 1998 — Чүй университетин Экономиканын бажы иши боюнча аяктаган.
  • 2004 – 2007 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 09.2000 – 03.2001 — Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын Салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноону контролдоо бөлүмүнүн инспектору;
  • 01.2003 – 03.2006 — Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Тармактык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • 03.2006 – 08.2007 — Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • 08.2007 – 06.2010 — Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын улук инспектору;
  • 06.2010 – 02.2011 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башкы инспектору;
  • 02.2011 – 08.2014 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысынын орун басары;
  • 08.2014 – 04.2015 — Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысынын орун басары;
  • 08.2015 – 04.2016 — Мамлекеттик бажы кызматынын «Ош» бажысынын башчысы;
  • 04.2016 – 12.2017 — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
  • 12.2017 – 08.2018 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысы;
  • 08.2018 – 05.08.2019 — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
  • 2019-жылдын 5-августунан тарта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.
  • 0