Бул тууралуу Атамбаев Кой-Таштагы эл менен болгон жолугушуусунда билдирди.
-Элге ыракмат, эл колунан келишинче жардам берип жатат, бирөөсү букасын, бирөөсү жылкысын жетелеп келип жатат. Кээ бирөөлөр тыйын-тыпырын да алып келип жатышат. Мындан эки ай мурун кичүү уулумдун квартирасын саткам чындыгында, акча керек болуп, анан кээ бирөөлөр жашынып тыйынын берип жатат. Кээ бирөөлөр мороженое алып келип берип жатат. Нан жасап келип жатат. Койлорду биринчи күндөн баштап жетелеп келишүүдө. Мен болгону бир кой сойдум да уятыман. Союлган койлордун экинчиси меники болчу.

Атамбаев ИИМдин 3 жолку чакыруусуна теӊ барган жок. Ал ар жуманын ишенби күнүндө Кой-Ташта чогулган элге ырчыларды ырдатып, концерт коюп берип жатат