Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн мамлекеттик салык кызматында өткөн жыйында ресторан, кафе сыяктуу тейлөө жайларына карата салык саясатын өзгөртүүнү сунуш кылды.

Өкмөт башчы өз сөзүндө буларды айтты:

— Өлкөдө 247 миң салык төлөөчү бар. Ошонун 2145и чоң бизнестегилер. 2323ү орто бизнес. Ал эми 242 миңи кичи бизнес. Алар — тейлөө, соода түйүндөрү, ресторан, кафе жана ушул багытта иштегендер. Карап көрсөк 2145 ири бизнес бюджеттин 78 пайызын көтөрүп жатат. 242 миң кичи бизнес төлөгөн салык болгону алты пайыз. Ушуну оңдош керек. Кээ бир ресторандардын тапкан кирешеси айрым ишканалардыкынан ашып түшөт . Бирок алар патент жана салыктык келишим менен иштеп, аз салык төлөп жатышат.

Мамлекеттик салык кызматынын жаӊы төрагасы Кабыл Абдалиев патент системасынан кетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат деп билдирди. Бул боюнча мыйзам долбоорлору өкмөткө жана парламентке сунуштай турганын кошумчалады.