Төрт жыл мурда диний радикал топторго азгырылып, Сирияга кеткен жарандын үйүнөн ок-дары табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери анын үйүн тинтүү учурунда «Калашников» автоматынын 1080 даана огу, РГД-5 үлгүсүндөгү граната табылды. Үй ээси 2015-жылы үй-бүлөсү менен Сирияга чыгып кеткен. Учурда анын үйү жакындарынын көзөмөлүндө турат.

Табылган ок-дарылар боюнча атайын экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.