-Эмил мырза, сиз жетектеген мекемеде байкаларлык кандай көрсөткүчтөр болуп жатат? Ооз толтуруп айта турган жетишкендиктер барбы?
—Бизде азыр 6 айдын жыйынтыгы чыкты. Жалпы республикадагы өндүрүлгөн товардын көлөмү жарым жылдыкта 127 млрд. сомго жетти. Пайыздап өсүшүн айтсак, 119,7 пайыз. Мунун ичинен Кумтөрдө өндүрүлгөн кенди алып салсак, 95,8 пайыз болот. Мисалы, өсүштөр металлдарды чыгаруу 51,2, металл рудалары 14,1, көмүр өндүрүү 22, текстил өндүрүшү 15, чийки мунай өндүрүү 14  пайызды түздү. Ал эми алтын өндүрүү 9, 4 тонна өндүрлүдү, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштымалуу 3,4. Өндүрүштө быйыл жыгач жана кагаздан жасалган товар өндүрүштүн көлөмү азайды. Мындан тышкары; химиялык, нефтипродукт, электр жабдыктары, машина жабдыктары  жана фармацевтикалык багыттар боюнча көрсөткүчтөр азыраак болуп калды.  Бирок ал көрсөткүчтөр чоӊ эмес. Кен казуу боюнча биз буйруса, 3-4 чоӊ компанияны ишке киргизели деп турабыз. Себеби, 2023-жылы Кумтөрдө алтын казуу 11 тоннага азаят. Биз ошол көрсөткүчтү башка кендер менен толукташыбыз керек. Бүгүнкү күндө Кичи Чаар-Ат кенин жакын арада ачабыз. Бул кенге 140 миллион сом инвестиция салынууда. Ошондой эле Терек-Сайдагы Эти Бакыр кени да талаш-тартыштан кийин, иши алдыга жыла баштады. Буга да 100 миллион доллар инвестиция  сарпталат. Ошондой эле Жерүй алтын кенин да жылдын аягына чейин ишке берүү каралып, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.  

—Солтон-Сары жайлоосундагы кен казуу маселесинен келип чыккан жагымсыз жагдайлар боюнча эмне айтасыз. Экология бузулуп, малдар кырылып жатканын жакшы билебиз. Бирок малдын кырылганын башка факторго таяп жатат, эл болсо андай жүйөөлөргө ишенбей турат…

Солтон-Сарыга биз бул маселе боюнча бир нече ирет барып, маселени жеринде көрүп, өз пикирибизди айтып, тапшырмабызды берип келдик. Чынында малдын кырылуусу ал алтын кенин казууга тиешеси жок. Башка жугуштуу оорулардан улам өлүп жатканы тиешелүү мекемелерден айтылды. Жардыруулардан цианид, мишяк чыкпайт. Бирок жардыруу канча көп болгон сайын, экологияга да ошончо зыян болот да. Алар планды убагында аткара алышпай, ошондон улам жардырууларды көбөйтүп жиберишкен. Биз андай жардырууларды массалык түрдө жардыруу болбосун, жумасына 2-3 ирет  гана болсун деген маселе койдук. Жардырарда ошол жайлоодогу элге эскертүү да бериши керек. Эми биз бул жагын көзөмөлгө алабыз.  Солтон-Сары алтын кенин казууга биздин комитет  2009-жылы лицензия берген. Ал лициензия 2013-жылы кен казууга да  өзүнчө лицензия алышкан. Жалпы алтындын көлөмү 12 тонна. Долбоордун негизенде экспертизадан өткөрдүк. Негизи көзөмөл башка мекемеде. Ошондой болсо да, биз долбоорду карап, байкап турабыз. Кандай болгон учурда да кен казуу маселесинде  ушундай түшүнбөстүк, келишпестик жаралып калса, тиешелүү мекемелер тарабынан катуу көзөмөл болушу зарыл.

—Акыркы жылдары сиз жетектеп жаткан  комитетте кен казууга лицензия берүү маселеси абдан коррупциялашып, жеӊ ичинен берүү, соодалашуу менен коштолуп келгени жалпыга маалым. Сиз бир жылга жакын убакыттан бери бул  тескери көрүнүштү тескеп, жөнгө сала алдыӊызбы?

—Мен бул комитетти жетектеп баштаарым менен лицензияларга инвентаризация жасап, бир сыйра текшерип чыкканбыз. Мен келгенде жалпысынан 2700дөн ашуун лицензия берилген экен. Бүгүнкү күндө бир сыйра электен өткөрүп, иретке келтиргенден кийин 2400 лизенция бар. Бир сөз менен айтканда биз тартип жагына басым жасап, бир аз кыскартууга бардык. —Жалпысынан кенге берилген лицензиялардан мамлекет казынасына жыл сайын канча каражат түшөт?

— Негизинен Кыргызстандагы кен тармагы үчкө бөлүнөт. Биринчиси металл рудасы, газ жана суу деп үчкө бөлүнөт. 2018-жылы кен казуу тармагынан мамлекет казынасына 11 миллиард 444 миллиом сом түштү. Ал эми быйыл  айында 5 миллиардга жакын каражат болду.  Негизинен бул жакшы көрсөткүч, дагы да жогорулатуу боюнча иштерди алып барып жатабыз. Бизде каражат көбүрөөк түшө турган негизги 13-14 компания бар. Кээ бир аймактарда кен казган компаниялар менен соцпакеттен тышкары, башка да социалдык мекемелерди салдыруу жагын да сүйлөшүп жаткан учурлар бар. Бул маселеде аким, айыл өкмөттөрдүн да ролу чоӊ. Эл кен казган компаниялардын белек-бечкек, чай-чамегине алданбай,  айылга, аймакка пайдалуу маселени чечтирип алса, абдан жакшы болот. 

Лицензия маселесине келгенде биз көмүр маселесин карайлы деп жатабыз. Себеби, көмүр маселесинде чынында көйгөйлөр көп. Мына ошол көйгөйлөрдү талапка ылайык чечишибиз керек.

—Сиз жетектеген комитет буга чейин Кыргызстандыгы эӊ коррупциялашкан 5 мекеменин ичинде болуп келген. Деги эле коррупция маселеси боюнча эмне айтасыз? Тазалануу талапка ылайык жүрүп жатабы?

—Кудай буйруса, тазалануу иштери ийгиликтүү жүрүп жатат. Чынында бизде маселе абдан көп болчу. Коррупция жок деп айтуудан да алыспыз. Жогорку жооптуу кызматтарды ээлеген деӊгээлде коррупция жок. Бирок орто деӊгээлдеги кызматтарды ээлеген тараптарда коррупциялык көрүнүштөр  кездешип калат. Анткени, ар кандай сөздөр, иштер болуп кетти да. Сиз айткандай азыр биздин комитет эӊ коррупциялашкан 5 мекеменин ичинде эмес. Биз комитеттин аброюн көтөрүп, ишенимди арттырып жатабыз,  бул ишибиз аздыр-көптүр ийгиликтүү болуп, азыр  биздин комитеттин имиджи 12-13 орунга көтөрүлдү. Маалымат катары айта кетейин, биздин комитетте  ар кандай кызматта иштешкен 12-13 адам жумуштан алынды. Алардын иштеген иштери талапка жооп бербей калган ж.б. Дагы да тазалануу жүрүп жатат.  Мындан сырткары, өзгөртүү киргизе турчу бир топ мыйзамдар бар. Алардын кээ бири өкмөткө сунушталып, дагы бири Жогорку Кеңешке жиберилди.

—Көмүр көйгөйүн кандайча чечкени турасыздар?

—Биринчи кезекте Кыргызстан өзү өндүргөн көмүрдү толук кандуу пайдаланышы талапка ылайык болот. Маселен, бизге 1 млн. тонна көмүр керектелсе, анын 550 миӊ тоннасы Кара-Кечеден, 50 миӊ тоннасы Таш-Көмүрдөн келчү. Калган 400 миӊ тонна Казакстандан  сатылып алынчу. Экономикалык жактан эсептегенде Казакстандын көмүрү арзан болот, себеби, ал жактан темир жол менен ташылып келет да. Кара-Кеченики кымбатыраак болот, анткени темир жол жок, оор жүк ташыган унаа менен ташып жатпайбызбы, өзүӊүздөр билгендей, ал унаанын чыгымы көбүрөөк болуп калат. Ошондой болсо да биз өзүбүздүн кенди колдоп, жыл сайын казып алуунун көлөмүн көбөйтүп жатабыз. Быйыл өзүбүздүн “кара алтынды”  казып алуу көлөмүн 650-680 миӊ тоннага чейин өстүрдүк.  Өкмөттүн  токтому менен Балыкчыдагы  “Параходство” бизге өттү, азыр биз аны иштетип баштадык. Буйруса, келечекте  ошол жерге көмүр базасын түзүүнү пландап жатабыз. Кыскасы,  бул жаатта аздыр-көптүр өсүш бар.

Энергетика тармагынын саясатын да сиздер жүргүзүп  келесиздер. Бул көйгөйлүү, коррупциясы көп тармак боюнча эмне айтасыз?

—Чынында эле бул тармакта көйгөйлөр аз эмес. Бүгүнкү күндө Токтогул, Үч-Коргон, Ат-Башы баштаган ГЭСтерди жаӊылоо иштери жүрүп жатат. Оӊдоп-түзөлгөндөн кийин бул ГЭСтердин кубаттуулугу бир аз өсөт. Мисалы, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт. Эч кимге жашыруун эмес, бүгүнкү күндө- энергетика секторунда карыздарыбыздын көлөмү 102 млрд. сомго жетти. Бул карыздан кутулуу боюнча атайын программа түзүп, мындай абалдан чыгууну эртелетишибиз керек. Кантип кутулабыз? Электр энергиянын баасын көтөрө албайбыз, анткени биздин  электр энергиянын баасы  элдин социалдык абалына ылайыкташкан. Биринчи кезекте бул тармакта катуу тартип орнотуп, коррупцияны жоюшубуз керек. Мына ошондо алдыга жылыштар болот. Экинчиден, биздин энергетика секторунда жабдыктардын көбү эски болуп жатпайбы. Оӊдоого, алмаштырууга муктаж болгон да жабдыктар  көп. Ошондуктан жакын арада   ушул маселени чече турган атайын бир компания түзүшүбүз керек. Салынып жаткан жаӊы Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин да курулуштарын  ыкчамдатып, ишке берүү зарылдыгы турат. Бул ГЭСтерди толук  кандуу куруп бүтүп алсак, энергетика тармагындагы бир топ чоӊ көйгөйлөрдү чече алат элек.  Мындан тышкары, жеке ишкерлер чакан ГЭСтерди  куруп жатышат. Андан тышкары, шамалдан, күндөн да электр энергияны өндүрүп жатышат. Мына ошолордун да өндүргөн товарын мыйзамдын негизинде колдонсок чоӊ пайда болот. Ал үчүн атайын мыйзамды иштетишибиз керек да.  Мындайча айтканда, ар бир айыл өкмөттө бирден, экиден чакан ГЭСтер иштеп турса абдан жакшы болот эле.

—Уран маселеси боюнча кандай чечим кабыл алынды? Элге башканы айтып, жеӊ ичинде башка иштер жасалып жаткан жокпу?

—Андай болушу мүмкүн эмес. Бул маселеде баары катуу көзөмөлгө алынган.  Кызыл-Омполдогу уран кени боюнча иштеген комиссия ишин улантып жатат. Жалпы өлкө аймагында уранга байланыштуу 18 лицензия берилген. Анын тогузун мыйзам чегинде жокко чыгардык, калганы боюнча тиешелүү мекемелер иштөөдө. Айрымдарынын бизди сотко берүү тобокелдиги бар, анткени алар каражат жумшаган. Бирок уранды казууга бир да лицензия берилген эмес.

—Соӊку суроо болсун, Кумтөрдү иштеткен компания чалгындоо иштерин жүргүзө турганын жарыя кылды. Башкы геолог катары бул маселеге көз карашыӊыз кандай?

—Биз Кумтөрдүн ишине кийлигишпейбиз, Кумтөр кени боюнча башка мекемелер иш алып барат.  Бирок биздин комитет учурунда Кумтөр кенин ачкан. Чалгындоо иштери жүрүшү керек. Бирок кен жер алды менен казылып алынса жакшы болмок. Чалгындоо иштери жакшы жүрсө Кумтөрдө алтын казып алуу мөөнөтү узарат.

                                              Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ