Нарын областындагы  Солтон-Сарыдагы жардыруунун кесепетинен жаш балдарды жара каптап жатат. Бул тууралуу аталган жайлоодогу денесине жара чыккан балдардын энеси видео аркылуу элге кайрылды.

Видеодон  балдардын баарын жара каптаганы аз келгенсип, кислота жыттанып жатканын айтканы угулат.

Буга чейин Солтон Сарыда малдын баары ууланып, өлүп жатканы дагы айтылып келген.