Кыргыз элинин фольклорунун тарыхында манасчылык өнөр жана аны атайын  кесип кылган талантуу инсандардын чыгармачылыгы өзгөчө орунга, эң чоң мааниге ээ. “Манас” эпосу менен аны жараткан манасчылардын тагдыры бир. Экөөнү тең карашыбыз, бирисиз экинчиси жаралып, жашашы мүмкүн эместей көрүшүбүз туура. Укумдан-тукумга өткөрүп, биздин доорго жеткирген манасчылар.

Залкар манасчы Жусуп Мамайдын эстелиги ачылганда келген ойлорду ырга салдым эле деп, манасчы Назаркул Сейдрахманов агай манасчы Азизди ээрчитип үйгө келиптир. Бул макаланын жазылышына себепкер болушту. Биринен-бири өтүп эскерип жатышкан сөздөрүн үн алгыга жазып койдум эле.

Оболу Жусуп Мамайдын ырын окушту. 1миллиард элдин манасчысы Жусуп Мамайдын Бишкек шаарындагы Улуттук филармониянын алдындагы “Манас” ансамблинин Сагымбай менен Саякбай манасчылардын ортосунан орун алган эстелигинин ачылышына жазган ырым.

Борборго келди атабыз

Жусуп Мамай  эстелиги ачылып,

Журт удургуп көрүш үчүн шашылып.

Тургунбайдын мыктылыгын карачы,

Ай-ааламга  сыйбай турган залкарды,

Айактай бир ташка  койду батырып.

Күнү- түнү талыкпастан иштеген,

Кыйын ишти өз мойнуна жүктөгөн.

Манас дастан калеминен шорголоп,

Дагы канча китеп калды бүтпөгөн.

Акыр кайтып Ала-Тоого келдиңиз,

Бүткүл кыргыз сыймыктанат сиз менен.

Өрнөк болгон  өзгөлөргө жолуңуз,

Өзгөчө бир өтсө экен деп тоюңуз.

Адал эмгек баардык жагың төп келип,

Ак шумкарга  жеткен эле колуңуз.

Илгери бир сизден бата алды элем,

Иничектин каалоосу деп коюңуз.

Бак дөөлөттүн жеттиң эле чегине,

Атак-даңкты алып бердиң элиңе.

Өлгөн жоксуз, Сиз тирүүсүз эл менен,

Калкыңдын бар аттиң деген арманы.

Кайра-кайра өз оозуңдан угушуп,

Канбай калды касиеттүү кебиңе.

Манас менен кыргыз эли баркталат,

Манас менен кыргыз эли сакталат.

Бүгүнкү келечекти көргөнсүп,

Бүркүт сымал эң бир сүрдүү каш кабак.

Нечен кыйын манасчылар өтүптүр,

Бирок Жүсүп алардан да башкараак.

Жазмасыңбы, башкасыңбы залкарсың,

Сиздей болуп кимдер Манас айта алсын.

Бейиштен да орун берсин жараткан,

Периштелер  жамандыктан кайтарсын.

Атпай журтка ыраазы бол чоң залкар,

Ала тоодо эстелигиң сакталсын.

Сагымбай менен Саякбайды жөөлөдүң,

Куп жарашып так ортосун ээледиң.

Кызыл-Омпол тоосунан да эң бийик,

Кыргыз элге эмгек кылып бергениң.

Асман айга бир учушуп токтоду,

Кубанычы элиңдин да жергеңин.

Анан манасчы Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгын быйылдан баштап өткөрсө болмок дешти, манасчы Асанкан Жуманалиев экөөнүн  достугу, бул жалган жашоодо эле ээрчишип жүрбөй, тиги дүйнөдө да ээрчишип жүрүүгө  биринин-артынан бири кеткени, ошол жылы асылдардын ушунча көп бул дүйнөдөн өткөнүн эскерип, мага манасчынын тагдырынын бир үзүмүн элестүү калтырышты.

Эмнеге асыл адамдарыбыз, элге ак кызматын кылган, рухтун байлыгын көбөйткөн, адамдарыбыз эскерилбейт. “Эл багар эмес, жан багар”  жагын эңсеп элдин уулдарынын көбү санжырасын, Манасын укпай калган цивилизациянын же “адамдын асылын билбеген, же айбандын асылын билбеген”- учурга келдикпи?     

  Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы “Манас” орденинин ээси,  манасчы Уркаш Мамбеталиев тирүү болсо 85 жашка чыкмак. Манасчы Уркаш Мамбеталиев манасчы болсом деп жүрүп, Саякбай Каралаевге жолугуп, таанышат. Биринчи эле жолукканда Сагымбай Орозбаковдун вариантынан Манас баатырдын сымбатын төп келтире бардык аракети менен берилип айтат. Залкар манасчы Саякбай Каралаев кунт коюп угуп отуруп залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун улуу манасчылык чеберчилигине “Манас” эпосуна кошкон баа жеткис салымына ыраазычылык билдирип: “Бали, балам, Сагымбай атаңдын арбагын жылоолосоң манасчы болот экенсиң”,-деп ак жол, чыгармачылык ийгилик тилеп батасын берет.

  Уркаш Мамбеталиевдин манасчылыкты кесип кылып алуусуна Ыбрайым Абдрахманов чоң таасир тийгизген. “Манас” эпосунун салт катарында айтылып келе жаткан туруктуу өзөк окуялары менен таанышат. Ыбрайым Абдрахмановдон айтуучулуктун да чеберлигин үйрөнөт. “Кырк чоронун жабдылышы”, “Колдун жолдо жүрүшү”, “Тал-Чокунун көрүнүшү” сыяктуу эпизоддорду өз интерпретациясында иштеп чыгат. Кыргыз эл акыны Кубанычбек Маликов өзүнүн жогору баасын берип, Кыргыз УИАнын Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусуна жолдомо жазып, Уркаш Мамбеталиевдин “Манас” эпосу боюнча вариантынын кол жазмасын өткөрүүгө жардам көрсөтөт.

Чырпык талга жаткырып,

Чымчыкка бала бергенде,

Чыркылдатып бактырып.

Бото берсең канетет, теңир,

Боздогон мендей пендеңе,

Ок жеген белден жыландай

Отурган жерден тура албай

Көкүрөк күйүп дем тартып,     

Көз илинип жер тартып.

Жакыпты көрсөң нетиптир,

Таламандын тал түштө,

Талыкшып уктап кетиптир.

Манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы Манастын атасы Жакыптын түшүн башка варианттарга салыштырганда Жакып үйүндө эмес, сыйынуу үчүн барган мазардын түбүнө уктап, кереметтүү түш көрөт. Түшү оңунан чыгып, тилегин берип, жакшылык жышааны келет.

Ошентип бул жерде Уркаш Мамбеталиевдин вариантынын өзүнчөлүк мааниге ээ экендигин айгинелеп турат.

Кесиптеши бирге жүргөн манасчы Назаркул Сейдрахманов:

“Ага-инилик туугандык мамилебизди өзгөчө баалайм”

—35 жыл бирге иштештим. Уркаш абам экөөбүз ар кандай шарттарда Манас айттык, тоо-ташта, кыш-жай жүрдүк дегендей, ачка-ток, ал учурда  элге Манас айтчубуз. Ага-инилик туугандык мамилебизди өзгөчө баалайм. Ар түрдүү кырдаалдар болду, жаман-жакшы айтышпадык. Бири-бирибизди карап күлүп койчу элек. Уркаш абамдын улуулугу болчу. Мени Накен деп койчу, мен “ава” деп коёр элем. Балким бир туугандар 35 жыл аралыгында 3-4 жолу урушушу мүмкүн, биз бир катуу айтышпадык. Тарбиясы, улуулугу болсо керек деп азыр ойлоп калам. Талантын айтсам Уркаш авамдын калеминен ыр шорголоп агып турчу. Ар кыл темадагы ырларды жазчу. Бир курдай “Эл шайырлар” тобунун жетекчиси Эстебес Турсуналиев агабыз болчу. Уркаш авама тапшырма берип калды. “Ээ Уркаш Манасты жакшы айтасың, Семетейди жакшы айтасың, Чолпонбай деле  ошол аталарыңдай бир жакшы эл үчүн эрдик кылган. Манастын стили менен Аалы Токомбаев 28 баатырды жазган. Ошону эл айткан. Сен дагы бир ошондой эмгек кылып Чолпонбайдын эрдигин жазып көрбөйсүңбү?”-деген. Ошол Эстекемдин бир ооз сөзүн таштабай Уркаш авам жакшынакай Чолпонбайдын эрдигин жазды. Кийин “Манастын” обонуна салып элге алып чыккан. Бул бир чоң бир болду эле.

Манасчы Азиз Биймырза уулу: “Манас айтып жатып өлүп калсам, арманым жок эле”-деп айтчу экен”

—Тагдырдын өзүнчө бир табышмагы, же өмүрдүн кызыгыбы айтор, тирүү адам дос күтөт экен.  Мисалы кыргыз элинде Манас атабыз менен Алмамбеттин, Курманбек менен Аккандын достугу, Саякбай манасчы менен Карамолдо Орозовдун достугун айтабыз. Кечээги болгон окуялардын ичинде 21-кылымдагы улуу достуктун үлгүсү катарында улуу өнөрдүн манасчылыктагы Асанкан Жуманалиев менен Уркаш Мамбеталиевдин ортосундагы достукту айтууга болот. Экөө ынак жүрүшүп, көздөрү жок жерде бирин-бири көтөрмөлөп,  жакшы жүрүшөт. Биринчи Асанкан Жуманалиев кайтыш болот.  Байбичеси Батыш апа мага айтып берген, мурунку күнү өтүптүр угаар замат кейип, “Мен кантип Асанканга топурак салбай калдым, мен кантип барбай калдым”-деп эртеси кете берген эки залкар ээрчишип. Залкар жазуучубуз  Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” чыгармасы өзүнүн картайып баратканын жазгандыр деген ойго келесиң, ошол учурда Төлөгөн Касымбеков, Насыр Давлесов, Асанкан Жуманалиев, Уркаш Мамбеталиев залкарлар катар-катар кеткенде биздин улуу устаттарыбыз-эки залкардын да аты бар деп билем.

 Бир кызыгы өзү тирүү кезинде Уркаш ата айтчу экен, ушул жерде да бир сыр уникалдуу ойлончу нерсе бар “Мен Филармонияда Манас айтып атып өлүп калсам, арманым жок эле”-деп. Дал өзү айткандай курултай болуп, филармонияга барып, ооруп жүргөн экен, ошол жерден оорусу кармап, кайтыш болгон.

                                                                                          Чолпон Субакожоева