Сиз бул маселеде басмакананын ишинен тышкары редактор, корректорго басым жасадыӊыз. Туура, алардын да түздөн-түз милдети бар. Бирок жетекчилик тарабын көп айткан жоксуз да…

—Билим берүү министрлигинде атайын орто мектептер боюнча башкармалык бар. Анын жетекчилери ушуларды карашы керек эле. Ансыз иш жүрбөйт эмеспи. Бардык жерде төмөндөн жогору карай, жогортон төмөн карай жоопкерчиликтүү бирдиктүү система иштеп турушу керек да. Антпесе мындай каталар кете берет…  

—Каталар боюнча кандай жаза каралган?

—Биз көчөлөрдө, мекемелерде илинген ар кандай көрнөк-жарнактардагы каталарды тиешелүү жерлерге дембе-дем жөнөтүп жатабыз. Быйыл жаӊы ишке кирген Жаӊы кодекстин негизинде   көрнөк-жарнактардагы  каталар боюнча айыпты Монополияга каршы агенттик салат. Жеке жактарга 2000 сом, юридикалык жактарга 5 000 сом айып салуу каралган.  Биз каталарды аныктап бергенге салым кошобуз. Андан тышкары ошондой эле каталарды айыл өкмөттөр , акимдер да салганга укуктуу.

Бишкекте илинген көрнөк-жарнактардын 70 пайызы ката десек болот. Чынында акыркы мезгилде сабаттуулук тайыздап кетти. Эмнеге дегенде барган сайын ката жазуу, оозеки ката сүйлөө абдан көбөйүп, бул көрүнүш күчөп бараткансыйт. Албетте, абдан өкүнүчтүү. Мындай болбошу керек. Ошондуктан сабаттуулукту, жогорку билимдин пайдубалын орто мектептен мыкты түптөө зарыл. Бул маселеде биринчи кезекте мугалимдерге шартты мыкты түзүп берүү абзел. Мугалимдердин да билимин жогорлатуу абзел. Анткени муглим мыкты болсо, окуучулар да жаман болбойт.

—Байкашыбызча, жыл өткөн сайын сиз жетектеген комиссияга мамлекеттин казынасынан каралып жаткан каражаттын көлөмү көбөйүп жаткандай. Деги эле каражат маселеси талапка жооп береби?

—Талапка жооп бербейт деп айтууга болбойт. Себеби, бизге бөлүнгөн каражат менен биз бир топ иштерди аткарып жатабыз. Мисалы, бизге китеп чыгарууга  1 млн. 600 миӊ сом каралган. Биз бул каражатка 4 багыттагы китептерди чыгарабыз, алар: дүйнөлүк адабият, балдар адабияты, классикалык кыргыз адабияты жана котормо. Биз ошондо жылына 16-17 китеп чыгарабыз. Ал эми тил багытын өнүктүрүү боюнча китептерди Билим берүү жана илим министрлиги чыгарат.  Акыркы эки жылда бул боюнча активдүү болуп, жакшы китептерди чыгарып жатышат.

Мамлекеттик мекемелердеги баардык иш-кагаздар 100 пайыз мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн деген буйрук жогорку бийлик  бутактарынан чыкканына көп болду. Бирок ошого карабастан бүгүнкү күндө да бир топ мекемелер иш-кагаздарын орус тилде жүргүзүп келатканы жалпыга маалым. Бул маселеге көз салып жатасыздарбы?

—Ооба, биз дайыма көз салып, иликтеп жыйынтыгын чыгарып турабыз. Башынан айтканда, президенттик аппарат акыркы жылдары мамлекеттик иш-кагаздарды мамлекеттик тилге абдан жигердүү өткөрүп жатат. Ошондой эле  Жогорку Кеӊеште да жакшы жылыштар болуп, башкаларга үлгү көрсөтүп жатат. Мен эми окурмандарга биз өзүбүз чыгарган жыйынтыкты кагаздан карап айтып берейин. Бирок министрликтердин акыркы жылдардагы жыйынтыктары азырынча дайын боло элек. Азыр мурунку жылкы жыйынтык бар, бир аз эскирип кетти. Ал эми  агенттик, кызмат, комитеттерде жасалган мониторинг боюнча жыйынтыктарды мисалга тартайын. Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматы, Финансылык рынакту жөнгө салуу кызматы  иш-кагаздарды мамлекеттик тилге өткөрүү жагынан артта калыптыр. Мисалы, бул аталган кызматтарда иш-кагаздар  100 пайызга чейин расмий тилде жүрөт экен. Мамлекеттик тилде болгону 15 пайыз экен. Ошондой эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы да иш –кагаздарын 100 пайызга чейин орус тилинде жүргүзүп келет. Мындай көрүнүштөр Салык кызматында да байкалат. Бирок Салык кызматы иш-кагаздарын мамлекеттик тилде дагы, расмий тилде да жүргүзүүгө басым жасап жатыптыр. Бул эми жакшы көрүнүш. Иш- кагаздарды эки тилде теӊ колдонуу көрүнүшү бир топ мамлекеттик мекемелерде байкалып жатат. Буга чейин расмий тилге эле басым жасап келишсе, эми мамлекеттик тилди да кошо алып кетүүгө аракет кылып жатат.  Мамлекеттик каттоо кызматындагы мамлекеттик тилде жүргөн иш-кагаздар  кагаздар 36 пайызга жетиптир. Кыскасы, мамлекеттик мекемелердеги иш-кагаздарды мамлекеттик тилге өткөрүү  маселеси алдыга жылып баратат. Албетте, өтө ылдам темпте деп айта албайбыз. Акырындык менен жөнгө салынып келатат.

—Мындан бир жаӊылбасам 5-6 жыл мурун болсо керек. БУУнун маалыматы боюнча кыргыз тили акыркы 50 жылдан 100 жылга чейинки аралыкта өзүнүн таасирин жоготуп, жылдан-жылга жоголуп кетүүчү тилдердин катарына кирет деген маалымат чыгып, баарыбызды дүрбөтпөдүбү. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Эми бул маселени ачык айтып коюшубуз керек. Соӊку лингвист, социалог, философ, эксперттердин ою боюнча бир миллиондон ашык эли бар элдин тили эч качан жоголуп кетпейт. Биз азыр беш миллионбуз. Андай коркунуч жок. Ачык айтып коёлу. Биз азыр тил маселесин, тил саясатын жанагындай жаӊы деӊгээлге алып чыгалы деп жатабыз. Ошол боюнча иштер жүрүп жатат. Кудай буюрса коркунучтуу болушу мүмкүн эмес. Бул бир жагы. Анткени биз дүйнөдө БУУнун тизмесинде турган 197 мамлекеттин бирибиз. Дүйнөдө интернетти карап көрсөӊүз    жети жарым миӊ тил бар деген маалымат жүрөт. Эми бул жерде эсептөө маселесинен ката кетип жатат. Айрымдар диалектини тилибиз деп эсептеп алган учурлар бар. Ушундай көп талаш маселелер бар. Метадологиясы так эмес да. Ушул өӊүттөн алып караганда биз БУУга мүчө болгон 197 мамлекеттин ичинде турган эркин  мамлекетбиз.

—Ушул мен жогоруда айткан маалыматты дүйнө жүзүндөгү эӊ кадыр-барктуу, эӊ таасирдүү БУУ , ЮНИСЕФ  сыяктуу уюмдар өздөрү таратып жатпайбы. Эми алар оюна келгенди тарата бербейт да. Булар кадыр-барктуу дүйнөлүк уюм да?

—Түшүнүп жатам… 

—Ошону биз оюнчук катар эмес, оолутту  кабыл алышыбыз керек да…

—Биз ошол кабыл алуу менен бирге, ага сабырдуу, токтоо мамиле кылып, ага өзүбүздүн улуттук ар-намысыбыз менен, маданиятыбыз менен, тарыхыбыз менен, Ала-Тоодой ата-бабабыздан мурас калган керемет жерибиз менен сыймыктанып жооп беришибиз керек.

—Эми соӊку суроолордон берейин. Кыргыз тилин өнүктүрүүнүн эӊ башында Президентке караштуу Сиз жетектеген комиссия турат эмеспи. Ушул комиссиянын бүгүнкү  абалы кандай?

—Абдан туура айтасыз. Бизде кудайга шүгүр, жакшынакай имарат бар. Материалдык-техникалык базабыз бүгүнкү күндүн талабына жооп берет. Жалпысынан 24 кызматкер иштейт. Жалал-Абад, Ош облустарында эки кызматкер иштейт. Баткен облусунда бир кызматкерибиз иш алып барат.Калган облустарда өздөрүнүн администрациясында бирден кызматкерлерди милдеттентирип коюшкан. Андан тышкары райондор да бирден кызматкерлерди мамлекеттик тил боюнча өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп жатышат. Ал эми борбордук аппараттагылар Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустары менен түздөн-түз кызматташабыз. Биз негизинен мамлекеттик кызмат түзүмүнө киребиз. Кызматкерлер бизге конкурстун негизинде кабыл алынат. Сырттан бизге кокусунан кызматкерлер келбейт. Бардыгы мамлекеттик кызматтардын талаптарына жооп берип, сынактан өтүп келет.

—Бул жерде болгону 24 кызматкер турбайбы. Бул силер үчүн аздык кылбайбы?

—Мурун 21 эле кызматкер бар болчу. Президент бизге дагы 3 штат ачып берген. Азыр өзүӊүздөр жакшы билесиздер. Мамлекеттик кызматта штаттык бирдиктерге мораторий жарыяланган да. Балким мораторий токтоп мүмкүнчүлүктөр ачылып калса бул багытта да ойлорубуз бар.

—Айлык маселеси талапка жооп береби?

—Эӊ төмөнкү кенже кызматкерибиз 12 миӊ сом алат. Ал эми кызматкерлер  стажысына карата, мамлекеттик, муниципалдык кызматтагы чендерине жараша айлык алышат.  

—Ушугаа кошумча суроо. Эми ушунча чоӊ статусу бар мекеме болгондон кийин бул жерде оӊой эмес акча каражаттары каралып жатат да. Тендерлерди өткөрүп жатасыздар. Сиз келгенден бери бул жерде коррупциялык элементтер байкалган жокпу?

—Бизди өткөндө эле Эсеп палатасы келип текшерип кетти. Кудайга шүгүр, баардыгы ордунда болуп чыкты. Биз китен чыгарганда тендер жарыялайбыз. Сатып алуу боюнча мыйзамдын эрежелери эске алынат.

—Сиздердин көйгөйгө айланган кайсы маселени белгилеп айтар элеӊиз?

—Биринчи билим берүү системасын деӊгээлдик системага киргизип алышыбыз керек. Бала бакчадан баштап магистратурага чейин деӊгээлдик системаны киргизип алсак, ушул система толук кандуу кынтыксыз иштей алса, анда чоӊ иш бүтөт. Андан кийин сапат маселеси турат. Экинчи маселе Бишкектеги көрнөк-жарнак маселеси элдин нааразычылыгын жаратып жатат. Үчүнчү мсаеле иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү. Биз бул маселени акырындык менен чечебиз. Антпесек тилдин тагдыры жаӊы деӊгээлге чыкпайт.

—Силер мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каржаттын негизинде эле ишмердүүлүгүӊөрдү жүргүзөсүӊөр да. Же андан тышкары силерге кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошом деп балким чет мамлекеттен же биздин жарандык коомдон каржылык колдоо көрсөткөндөр барбы?

—Чынын айтайын, сырткы булактар боюнча айтсам, Эл аралык уюмдар менен иштешкенге көп эле аракет кылып келе жатабыз. Негидир көп кызыга беришпейт, эмнеге дегенде  тил деген бул  мамлекеттик ички маселе экен да. Тил маселесине күйгөн биздин өлкөнүн айырм  ишкерлери бар. Мисалы, “Имарат Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Бейшенбек Иманалиев колдоо көрсөтүп турат. Биз андай апатриот инсандарыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз. Ушундай мекенчил инсандар көп болсо жакшы болот эле…

                                                                Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ