Жогорку Кеӊештин гаражында турган машиналар мамлекеттин каражатын сүлүк куруттай эле соруп жаткандай. Буга чейин бир эле унааны оӊдоого 254 миӊ 400 сом каралса, эми «Кадиллак»  жана «Тойота Камри» деген унааларынын олтургучтарына жабууларды алуу үчүн 60 миӊ сомго тендер өткөрө турган болду. Бул акчага 10 жабуу сатып алынышы керек. Баса, мындан тышкары парламент дааратканалар үчүн адам заара кыла турган  “ай-ай” “писуварлар” керек деп, ага чоӊ каражат сарптай турганын билдирген. Мына ушунун баары эле анчалык зарылчылыгы жок эле маселелер. Атка минерлер акча тигл ишке, бул ишке кетти деп эле шылтоо айтып, өздөрү жыргап жатышабы?

Булак:Багыт.