Кыргызстандын ырысына бүткөн бирден-бир Кумтөр алтын кенинин пайдасынын басымдуу бөлүгүн канадалык Кумтөр компаниясы  эгемендүүлүкккө ээ болгон жылдардан бери көрүп келет. Бул “афералык” компанияны ушу кезге чейин  атка минерлер  көрүнө да, көмүскө да колдой беришип, Кыргызстандагы жети баштуу желмогузга айлантып бүтүштү. Эми ушул “желмогуз” компания Кумтөрдөгү алтындын көлөмү азайып баратканынан тынчсызданып, алтынды чалгындоого 6 миллион доллар сарптап, Кумтөрдөн дагы да  жүздөгөн тонна алтын казууга аракет көрүп жатат. Ылайым аракетинин ашмалтайлары чыгып калса экен. Себеби, Кумтөр менен өкмөттүн түзгөн келишими элге да, мамлекетке да эч пайдасы жок, бир ууч гана топ жыргап жатышат. Андыктан Кумтөрүбүздү бул желмогуздардан Кудай эле сактап, пайдасын элге  тийгизип бербесе, бийликтен эч натыйжа чыкпай калды.

Булак: Багыт.