«Форсаж» тасмалардын арасынан эӊ эле популярдуулукка ээ болгон тасма. Анын реалдуу эмес трюктарына режиссёрлор эмдигиче таӊ калып бүтпөй келет. Тасманын сценарийин жазган Крис Моргандын айтуусунда ал жазган сценарийлеринде башкалардан өзгөчөлөнгөн нерселерди колдонуп, көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулаганды сүйөт. Негизи мен тасманын уландысын космосто тартууга каршы эмесмин – деп кошумчалады. Азыр алар бардык концепцияларды карап, мыкты идеяларды талкуулап жатышат. Баса, учурда “Форсаждын” 9-бөлүгү тартылып, интернетте Вин Дизель, Мишель Родригестердин тасма учурунда тартылган сүрөттөрү чыкты. Киносүрөт 2020-жылдары биздин кинотеатрларда көрүүчүлөрдүн сынына коюла баштайт.

Самара САЛАМАТОВА