Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президент Курманбек Бакиевди жактаган тасмаларды көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди.

31-июлда УКМК тараткан билдирүүдө “Ар кандай маалымат булактарында качкын президент Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдогон берүүлөр тууралуу УКМК төмөнкүнү билдирет. Мындай мааламаттардын жана телеберүүлөрдүн авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу УКМК авторлорго коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет” деп айтылды.

Ошону менен катар УКМК «Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурун козголгон кылмыш иштери боюнча Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгонун» белгиледи.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, азыркы убакта айыпталуучулар изделүүдө.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

1-августта ал 70 жашка толот.

30-июлда НьюТВ телеканалы аны жактап, куттуктаган тасмалар көрсөтүлдү.

Видео

Мигрант. Кара тизме. Мунапыс

The code has been copied to your clipboard. 


width  px height  px

The URL has been copied to your clipboard

No media source currently available0:000:28:510:00

Мигрант. Кара тизме. Мунапыс

Орусияда ар кандай мыйзам бузуулардан улам «кара тизмеге» кирип калган кыргызстандыктарга берилген миграциялык мунапыстын оош-кыйыштары тууралуу «Биз жана дүйнө» берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында сөз болот.

  • ПРИСОЕДИНЯЙТЕСЬ!
  • КОНТАКТЫ
  • НОВОСТИ ЦЕНТРАЛЬНОЙ АЗИИ

CENTRAL