Кечээ, 30-июлда Талас районунун Сасык-Булак айылында 2 унаа кагышып, 3 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу turmush сайты жазды.

Маалыматка караганда, кырсык түнкү саат 22:30 чамасында болгон. Унаалардын бири «Ауди» үлгүсүндөгү унаа экендиги айтылууда.

Адамдардын каза болгондугун Талас райондук биргелешкен ооруканасынан тастыкташты. Кырсык катталган жерде айдоочунун эжеси О.С. көз жумса, айдоочунун 2008-жылы туулган баласы ооруканага жетпей каза болгон. 2010-жылы туулган уулуна ооруканадан биринчи жардам көрсөтүлүп, Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы ооруканага жөнөтүлгөн. Бирок ал тез жардам унаасында бара жатканда жан берген.
h