Жалпыга маалым болгондой парламенттик шайлоо кийинки жылдын күз айларында болмок. Бирок бийлик ага чейин чыдабай калды окшобойбу. Себеби, акыркы күндөрү  парламенттик шайлоо ушул жылдын ноябрь айында боло турганын тар чөйрөдө кеп кыла башташты. Бийликтин камчысын чаба турган 4 партия шайлоого азырынча жеӊ ичинен кызуу даярдык көрүп жатыптыр.  Ал партиялардын экөөсү түндүктөн, экөөсү түштүктөн. Калган майда-барат партиялар ошол партиялардын этегин кармашат экен. Эгер даярдык начар болуп калса, анда  азырынча ноябрга болжолду белгиленип жаткан шайлоо кийинки жылдын февраль айларына жылып кетиши мүмкүн дешүүдө.

Булак:Багыт.