Илим жана техниканын заманында унутчаак адамдар көбөйүп жатканы өкүндүрөт. Маалыматтын көптүгүнөн улам майда нерселерге көӊүл бура бербегенибиз буга себеп дешет адистер. Нейробиологдордун эс тутумду жакшыртуу үчүн кызыктуу учурларынан берүүнү туура көрдүм.

Эске тутуу өзүнө үч процессти камтыйт: маалыматты белгилөө, аны сактоо жана кайра кайтаруу. Мээбиз түшкөн маалыматты адегенде анализдеп, аны жазат, анан ал маалыматты кийин кайтарып берүү үчүн сактап коёт. Эгер ал үч процесстин бири эле жакшы иштебесе, адамдын эске тутуусу начарлайт.

Эске тутуунун кыска мезгилге жана узак мезгилге эске тутуу сыяктуу бир канча түрлөрү бар. Жыт билүү, угуу, көрүү тутумдары бузулса эс тутум начарлайт. Ошондуктан эс тутумду жакшыртууда бир гана эстеп калуу эмес, тамактын даамын сезип, маалыматты угуп жана аны сактоо өтө маанилүү.

Мнемоника ыкмасы

Мнемоника бул — маалыматтын узак мезгилдүү эске тутуудан орун алышына, керектүү учурда аны кайра эстөөгө жардам бере турган эске тутуу чеберчилиги. Ал ыкманын жалпыга белгилүү болушуна б.з.ч. 477-жылы Кеосстук Симонид аттуу грек акыны шарт түзгөн. Андай ыкма өзүнө эстеп калыш керек болгон маалыматты бөлүштүрүү, элестетүү жана окшоштуруу принциптерин камтыйт. Мнемоника ыкмасын колдонгондор жаӊы маалыматты эстеп калыш үчүн, оюнда «саякаттап», тааныш жолдогу же үй ичиндеги жакшы билген нерселерине окшоштурушат.

Эс тутумду жакшыртуу үчүн буларды биле жүрүӊүз:

  • Убагында уктап эс алуу. 7-8 сааттык уйку адатта нормалдуу эс алуу үчүн жетиштүү убакыт;
  • Күнүнө бери дегенде эле 2-3 литр суу ичүү керек;
  • Туура дем алуу да эс тутумду жакшыртууда керек нерсе. Мисалы кайсы бир маанилүү жолугушууга бара турган болсоӊуз анын алдында 15 жолу тереӊ дем алып, аны кармап туруп кайра чыгарып алыӊыз. Ал учурда мээге кычкылтек барып мээнин иштеши жакшырат;
  • Нейробиологдор эс тутумдун жакшы болуусу үчүн күнүнө 10 000 кадам басууну сунушташат. Себеби, адам сейилдеп басып баратканда мээ сергийт;
  • Медитация. Бул илимий жактан далилденген. Күнүгө 12 мүнөттүк медитация менен машыгуу кандагы стресс гормондорунун азайышына алып келет;

— Баш катырмаларды жана табышмактарды көп чечиӊиз;

— Көзүӊүздү жаап же таӊып алып жеӊиз;

— Бир карап туруп бөлмөнүн ичинде эмнелер бар экенин айтып берүүгө машыгыӊыз;

— Сүрөттү тескерисинен коюп көнүгүү жасаӊыз;

— Сын ойлонууну өнүктүрүӊүз;

— Кагаз менен калемди алып оюӊузга эмне келсе ошону элестетип тартыӊыз, ал үчүн укмуш сүрөтчүлүктүн кереги жок;

— Дене тарбия көнүгүүлөрүн унутпаӊыз;

— Музыка угуӊуз;

— Техниканы азыраак колдонуӊуз, айрыкча телефон,компьютер жана телевизорду азыраак тиктеӊиз;

— Акылды өстүрүүчү оюндарды көп ойноӊуз, мисалы шахматты ойносоӊуз жакшы;

— Күндөлүк ачыӊыз, ага күндө эмне кылганыӊызды толугу менен төкпөй-чачпай жазыӊыз;

— Эс тутумду жакшыртууда чет тилдерди үйрөнүү да маанилүү;

— Машинанын номерин, телефон номерлерди жана адамдардын аттарын жаттаганды үйрөнүӊүз;

— Ар кандай жанрдагы тасмаларды көрүӊүз;

— Табигат менен тыгыз байланышта болуӊуз;

— Китеп окуӊуз, андагы каармандарды жаттаӊыз;

— Жаӊы сөздөрдү жаттаӊыз.

Эс тутумду жакшыртуучу азыктар

Суу мээни жакшы иштетет

 Мээнин 90 пайызы суудан турат. Организмдеги суунун азайышы мээнин иштешин бузат. Ошондуктан күнүнө жок дегенде 2 литр суу ичип жүрүү керек. Сиз жакшы көргөн газдалган таттуу суусундуктар организмден сууну чыгаргандан башка пайдасы жок. Ошондуктан таза суунун өзүн ичкен оӊ.

Лимон эс тутумду жакшыртат

 Чайга кошулган лимон кесими эс тутумду жакшыртууга жетиштүү. Кептин баары унутчаактыктын алдын алып, жакын арада керек нерселерде мээде сактоого жардам берет.

Жүзүм мыкты антиоксидант

Жашыл  жүзүм  — табигый антиоксидант. Алар мээ маалыматты сактап жана кайра иштетүүгө жардам берет. Антиоксиданттар мээ клеткаларынын азыктануусун жакшыртат жана аларды бузулуудан сактайт.

Бал жана кургатылган мөмөлөр мээни жакшы иштетет

 Глюкоза мээнин иштешине оӊ таасир берет. Ал балда жана кургатылган мөмөлөрдө, данектерде көп болот. Ошондуктан бир кашык бал менен данекти эртеӊ менен жесеӊиз мээнин иштешине пайдалуу.

Эс-тутумду эмне начарлатат?

• Уйкунун бузулушу. Ашыкча да, аз да уктабаӊыз. Эӊ аз 6, эӊ көп 8 сааттык уйку жетиштүү.

• Туура эмес тамактануу. Майлуу, куурулган тамактарды азыраак жеп, жашылча жемиштерди көп жегенге аракет кылыӊыз.

• Спирт ичимдиктери, тамеки ж.б. Эске тутууну начарлатуучу эӊ негизги критерий, жадакалса, өлүмгө чейин алып барат.

• Көрүү жана угуу органдарын туура эмес колдонуу. Кандай гана сайт, китеп, телевизор, кино, радио, музыка болбосун, пайдалуусун жана маанилүүсүн тандаӊыз.

• Стресс, депрессия. Депрессияга кабылбоого, кабылсаӊыз да батыраак арылууга аракет жасаӊыз. Жүрөккө, ой-жүгүртүүгө, психологияга өтө зыян келерин унутпаӊыз.

• Монотондуулук. Күндөрүӊүздү ар түрдүү өткөрүӊүз.

 Самара САЛАМАТОВА