. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу president.kg сайтына жарыяланды.

Пикир алышуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуунун өнүгүүсүн белгилешти.

Мындан тышкары, аймактагы маанилүү маселелер талкууланганы айтылат.

Жээнбеков менен Назарбаев эки элдин кызыкчылыгы үчүн кыргыз-казак мамилелерин мындан ары тереңдетүү боюнча макулдашышкан.