Кыргызстанга мектеп, бала-бакча жетишпейт деп көп айтып келебиз. Бийлик болгон күчү менен салып жатканы менен бул маселе чечилбей келет. Ал эми  башка мамлекеттердин чоӊ компаниялары  чоӊ акчага чоӊ  мектеп куруп, аны  өкмөткө өткөрүп берүү маселесине келгенде, бийлик артты көздөй кетенчиктеп калат. Мына ушундай кырдаал Бишкек мэриясы менен “Газпромдун” ортосунда жаралды. Маалым болгондой Орусиянын бул компаниясы Бишкектин Асанбай кичи районунан 1 гектар жерди 50 жылга ижарага алып, ал жерге миӊ окуучу окуй турган заманбап мектеп салып берген. Ага компания 1 млрд рубль коротконун жар салган. Эми ал мектептин жылдык чыгымы 170 млн. сомду чапчыйт экен. Чынында мэрияга чыгымы ушунча мектепти өз балансына өткөрүп алып, иштетүү кыйынга турат. Себеби, баягы эле жетишпеген бюджет маселеси. Ушундан улам мэрия бул мектепти балансына өткөрүп алуудан кетенчиктеп турушат. Ал эми Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары болсо мэрия мектепти чыгымдан коркпой баланска өткөрүп алууну жактап турат. Себеби, аны каржылаганга акча булагы табылат экен. Эмнеге дегенде, “Газпромдун” мектеби бекер эмес, ким ага баласын окуткусу келсе, айына 22 миӊ сом төлөшүӊ керек. Эми миӊ эмес, (арасында жеӊилдиктер менен окуй тургандар бар, мисалы майып ж.б.)700дөй баланын эле жылдык акчасын эсептегенде жогоруда айткан мектептин жылдык  чыгымына жетип барат экен. Албетте, бул жагы да ойлоно турчу иш. Болбосо, мэрия бул мектептин өз балансына өткөрүп алуудан  такыр эле баш тартса, анда келечекте бул заманбап мектеп “Газпромдун” менчигинде (мектепке берилген жери менен кошо) калып калуу коркунучу бар. Бүгүн Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары дал ушул маселе менен кезексиз жыйынга чогулушуп, дал ушул маселени талкуулашмакчы. Эске сала кетсек, азырынча Орто Азия боюнча мындай заманбап мектеп жок экени айтылууда.