Быйыл, мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын тарыхында жасаган эмгеги менен ысымы өзүнчө бир доорду камтыган Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин белгилөө алдында турабыз. Ал киши менен убагында бирге иштешип, мекенибиздин өнүгүү кышын бирге кынаган замандашы, кесиптеши, коомдук ишмер Апас Жумагулов менен Турдакун Усубалиевичтин курулуш, электр-энергиясы, өндүрүш, жеңил өнөр-жайы ж.б. тармактагы санап отурса аягы көрүнбөгөн эмгеги тууралуу азын-оолак маек курдук.

—Турдакун Усубалиевичтин өлкө, эл үчүн жасаган негизги эмгеги кайсыл болду деп ойлойсуз?

Турдакун Усубалиев

—Менимче, кыргыз элине анын ичинде мага, ал киши менен чогуу иштешүү бактысы буйруптур. Себеби, ал тарыхта сейрек келе турган адамдын бири болсо керек. Бул кишинин өзгөчөлүктөрү, иш принциптерин айтпасак болбойт. Анын иштөө формасы, иштөө системасы, феномени эмнеде болгон? 25 жыл мамлекетти башкарууда темпти ылдый түшүрбөй, татыктуу алып кетти. 1960-70-жылдары республиканын акыбалы кандай болгонун элестетип көрүңүз. Ошол эле түштүктөгү Майлуу-Сай, Таш-Көмүр, Ош, Жалал-Абад шаарларын, түндүктөгү Каракол, Балыкчы, Нарын шаарларын кандай оңдоду? Бул киши жаңы кызматка келгендеги өлкөнүн акыбалы менен бул киши кызматтан кеткен 1985-жылдагы мамлекеттин абалын салыштырып болбойт. Ал кишинин кызматтан кетиши да өзүнчө тема. Бирок, адилеттүүлүк бар экен, кайра 2 жылдын ичинде акыйкаттык орноп, парламентке депутат болуп шайланып келди. Ошо 1988-1989-жылдары өлкө жаңы заманга кадам таштап, жаңы жашоо келип калган. Ошондо да жаңы заманды да түшүнүп, депутат катары трибунада өз сунуш , ойлорун айтып турган. Көч башында турганда нагыз көрөгөчтүгү, акылмандыгы, билими менен иш алып барды.

—Турдакун Усубалиев кайдан билим алган, кесиби эмне эле?
— Бишкектеги Женпедди бүткөндө, согуш убагында Москвага окууга жиберилген үч кишинин бирине кирип, ал жактан партиялык билим алган. Андан 10 жылдан кийин Москва мамлекеттик педагогикалык университетин бүтүргөн. “Педагогикалык билими менен кантип бүтүндөй мамлекеттин жүгүн татыктуу көтөрүп, өнүктүрүп кетти?” – деген суроо туулат. Менимче, Усубалиевдин дээринде акылман, иш билги, лидердик сапаты болсо керек. Ал башкарган жылдары Союз ичинде биздин мамлекет билим , маданият, экономика, өндүрүш жаатында алдыңкы сапта эле.

—Экономика, өндүрүш тармагына кошкон салымын айтпасак болбостур?

— Союзда коргонуу багытындагы 6 ири ишкана болсо, анын бешөө республикада абдан өнүккөн. Ленин атындагы заводдо 24 миң киши иштеген. Анын филиалдары Караколдо, Кызыл-Кыяда ачылган. Башка шаарларга да ачылар алдында союз тарап кетти. Караколдогу филиал да жакшы иштеди. Ал Кызыл –Кыяда бүгүн да иштейт. Бул өзгөчө заводдо трактордун тетиги бир эле учурда танктарга да тетик боло алган. Бизден өндүрүлгөн араалоочу аппараттарсыз Орусиянын батышынан чыгышына чейин жыгач ишканаларынын иши жүрбөйт эле. Союздук 15 өлкөдө мындай заводдон бешөө болсо, анын бири Кыргызстанда эле. Мунун баары Т.Усубалиевдин убагында түзүлүп, ишке берилди. Ушу киши заводдун профилин тандаган. Торпеда чыгаруу профили Союздан бизге тапшырып калышына да эмгеги чоң. Алар Көлдө сыноодон өткөрүлүп, дүйнөнүн төрт бурчуна жиберилген. Бул бир эсе жашыруун да завод катары иштеп, 4 -5 миң жумушчусу бар эле.

—ЭВМ заводучу?

—Ал эми ЭВМ заводу учактарды тетиктер менен камсыз кылган. Фронтто генералдар иштеген деңгээлдеги приборборлорду чыгарган. Тилекке каршы, Варшава келишиминин бузулушу бизге да терс таасирин тийгизип, эң чоң завод токтоп, союздун ошол приборду чыгарган заводу башка приборду чыгарууга аргасыз болгон. Анда 12 миң киши иштечү. Авиациялык жана радиотехникалык завод менен байланышып, ошолор кандай жаңылык чыгарса, алар менен биргеликте теңтайлаша иштеген. Башкача айтканда, алардын ойлоп табуусун бирге ишке ашырчу. 6 миңдей аталыштагы буюмдар чыккан. Баардыгы дүйнөнүн ар тарабына экспорттолуп, 10 миң керектөөчүсү бар эле. Жалал-Абадда, Караколдо филалиалдары иштеп, Көк-Жаңгакка да салына баштаган. Машина курууда туташтыргычсыз (штепсельный разъем) эч нерсе бирикпеген. Аны да чыгарчубуз. Чынында көп кадрлар ушу заводдо даярдалган. Арасында ЭВМ заводунда иштеп, бышып башка заводдорго жетекчи болуп кеткендер көп болгон.

—“Дастан” заводу да жакшы иштеп турду да?

—“Дастан” заводун иштеп калышына да Усубалиевдин “машина куруучу заводду иштетүүгө алыбыз келет” — деп президиумга чейин жолдогон каты себеп болгон. Бул жаатта да акырындап акыркы продукцияга өтө баштаганбыз. Бара-бара өзүн-өзү камсыздай ала турган мамлекет болуп, көз карандысыз өндүрүшкө өтүшүбүз керектигин ошондо эле түшүнгөнбүз. Биздин максат – бизден чыккан өндүрүш техникаларды экспорттоп сатып, валюта алууга өтүш керек болчу. Республика болгондон кийин 1990-жылы атрибуту кабыл алынды. Валютасы болуу керек эле. Бирок, 100% толук экономикалык көз карандысыздыкка жетүүгө 2-3 жыл убакыт керек болчу. Акырындап экономиканы ошого тактап жатканбыз. Бул жерде да Усубалиевдин көрөгөчтүгү менен багытыбыз такталып, керектүү өндүрүш буюмдарын толук чыгарууга, экономикалык өсүүгө карай бардык иштер жасалган.

—Аягында республикада машина чыгарууга толук бел байлаганбы?

—Ооба, бизде машинанын өзүн чыгаруу керек эле. Ар бир тетиги ар башка советтик өлкөдө чыгарылып, майда-чүйдөсүн чогултуп туруп машина бизде куралчу. Ал эми бизден чыккан радиаторсуз Андижан, Ордиск заводдору иштемек эмес. Алдыбызда бүтүндөй бир унааны өз күчүбүз менен куроого жетишишибиз керек максат турган. Жалгыз эле машина куруу эмес, дүйнөгө эмне керек болсо, өлкөдө өндүрүүгө жана экспорттоого белсенгенбиз.

—Жеңил өнөр-жайын жолго коюуда кандай иштер жасалды?

—Пахта, жүн өзүбүздөн болгондон кийин бул киши жеңил өнөр-жайына да абдан көңүл бурду. Бишкектеги комволдук нооту заводу башында кичинекей эле ишкана болчу. Кийин бул киши муну 3 эсеге чоңойтту. Ушул комбинаттын талкаланып кеткенине абдан өкүнөм. Азыр жаңы технология менен бир топ алгылуктуу иштер жасаса болот. Жүндөн материалды чыгарсак эң сонун болмок. Оштогу фабриканын негизи сакталып калды. Ал да жок болуп кетерде кытайлыктар менен биргеликте иштеп калды. Экономикада сактап кала турган өнөр-жайлардын бири болгон Ленин атындагы заводун да сакташыбыз керек эле. Өз чөнтөгүн ойлогон аткаминерлердин айынан кыйрады. Бул заводдун аркасында Орусия жана чектеш мамлекеттер менен иштешүүбүз керек эле. Бул заводго өзгөчө чехтер кызыкты. Азыр инвестор катары “2 миллиард доллар берели” — деген сунуштар да бар. Аны да жолго коё албай жатышат.

—Убагында биздин кездеме, товарларга кызыгуу күч болгон дешет?

—Абдан кызыгышчу. Октябрдын 40 жылдыгы атындагы фабрикасы союздагы эң мыкты ишкана болгон. Бизде кездеме, кездемеден 2 жаштан 14 жашка чейинки балдарга союзда эң жакшы кийим-кечектер чыкчу. Пальто да чыкчу. Биздин балдар ошону кийип чоңойду. Аларды Москва эле эмес, Прибалтикага чейин экспортточубуз. Ошол жерде мыкты жетекчилер иштеди. Ошол эле “Трикотаж” заводунун иши кандай эле? Азыр деле иштейт, бирок, мурункудай эмес. “ВЛКСМ” фабрикасынын костюмдарынын жабдуулары Францияныкы болчу. Ошону Франциядан валютага сатып алып келип, иштете баштаганбыз.Ал костюмдар сапаты жагынан чет элдик костюмдардан эч айырмасы жок эле.

—Улуттук кол өнөрчүлүккө кандай мамиле болду?

—Элди, мамлекетти бага турган жергиликтүү өндүрүш болгон. Турдакун Усубалиевичтин башкаруусу алдында, ээрден баштап, жыгач, темир усталык, уздардын кол эмгеги, улуттук кийимдер чыгаруу четте калган эмес. “Кыял” улуттук кол өнөрчүлүк бирикмеси бул жаатта өзүнчө институт болуп калыш керек болчу. Кийин, мен өкмөт башчысынан кетип жатканда “Кыял” бирикмеси менчиктештирилбеши керек, мамлекеттин балансында калсын деген таризде токтом чыгарып, бекемдеп кеткем. Буга кол салганга болбойт. Мен кызматта турганда да, кетип жатканда да бир да цех менчиктештирип алган жокмун, үй-бүлөм дагы. 
—Учурда “Кыял” бирикмесин талапка ылайык иштете албай жатышкандай?
—Ал жерде кол-өнөрчүлөргө иш шартын түзүп берип, иштетип, жасаган эмгектерин сатып берип колдоо керек. Уста, уздардын чеберчилигин жаштарга окутуп, үйрөтүү жагы жеринде колго алынса деген тилек бар эле.Учурда тегерегин базар каптап кетиптир. Турдакун Усубалиевич элдик, улуттук кол өнөрчүлүктү кош колдоп колдочу. 
(Уландысы бар…)

Нурайым Рысмамбетова «ММКызмат»