Кыргызстанга инвестиция алып келгенге өкмөт тарабынан, жеке ишмерлер тарабынан, министрликтер тарабынан канча деген күч, каражат жумшалып жатат! Тарыхта биринчи жолу кыргыз киносуна россиялык инвестиция алып келдик эле! Канча жылдык мээнет кетти… Кыргызстан менен Россиянын ишмерлеринин ортосундагы жаңы мамилелер түзүлүп баштады эле… Америкалык продюсерлер менен жаңы проекттер жөнүндө сүйлөшүүлөр башталды эле… Эми мынтип Россияда расмий прокатка биринчи болуп жол салган, Кыргызстан үчүн жаңы Жанр ачкан алгачкы кыргыз кино-мюзикли уурдалды…

На изображении может находиться: один или несколько человек, экран и текст

Кыргызстандын намысын 2018-2019-жылдары 30 Эл аралык кинофестивалдарында коргоп Гран-прилерди алган тасма уурдалды. Россиянын кинокритиктер гильдиясы мыкты деп сыйлык тапшырган тасма уурдалды! Бир карын майды бир кумалак чиритет болуп атат. Мындай жоруктан кийин чет элдик продюсерлер, инвесторлор кантип кыргыз киносуна акча салат? Базарда диск саткан карапайым соодагерлерде намыс бар экен! Баарына чоң ыраазычылык! Кыргыз киносу деп дисктерге чыгарышкан жок. Жоо күтүлбөгөн тараптан капталдан чыкты, телеканалдан чыкты! Акылга сыйгыс иш болду. Өзүм үчүн күйгөн жокмун. Продюсер таппай, каражат таппай сагаалап эл аралык фонддорго, продюсерлерге кайрылып жүргөн кесиптештериме куйдүм. «Дарак ырынын» артынан Кыргызстанга бир топ россиялык, франциялык, америкалык продюсерлер жүзүн буруп калды эле… Кыргызды кыргыз ушинтип уурулук менен кууратабы? Авторлорду ойлобосо дагы өзүнөн мурда Кыргызстанды, кыргыз искусствосун, киносун ойлоп койсо болот беле?