— Ысыкта организм кургап, витаминдер азаят. Ошол себептен сууну көп ичип, мөмө-жемиштерди көп  жеген жакшы.  Бадыраң, помидор, дарбыз, шабдаалы сыяктуу мөмө-жемиштер суусунду  кандырып, организмди  керектүү витаминдер менен толуктайт.  Газдалган суусундуктар менен таттуу ширелер адамды суусатат. Андыктан ысык аптапта көк чай ичкен эң жакшы.

 Ысыкта жеңил жана сиңимдүү тамак-аштарды жеген оң. Кеч сиңе турган тамактар адамды кыйнап, дене табынын көтөрүлүшүнө себеп болот. Маселен, ысыкта эт жана бал жебеш керек. Алар адамдын ичин ысытып, дене табынын көтөрүлүшүнө салым кошот. Ошону менен бирге туздуу, куурулган тамактардан да баш тарткан оң. Ысыкта сүттөн жасалган тамактарды колдонгон эң жакшы. Алар организмге пайдалуу жана сиңимдүү келип, дене табынын бир калыпта кармалышына салымын кошот.

Ысыкта абдан муздак суусундуктар менен балмуздакты жеген да болбойт. Себеби муздак суусундуктар тамак оору, сасык тумоонун пайда болушуна шарт түзүшү мүмкүн. Муздак нерселерди дароо эшиктен келип иче калбай, бир аз көлөкө жерде отуруп дене табын төмөн түшүрүп алгандан кийин гана ичүү зарыл.

Кийим

—  Ысыкта жеңи ачык, кыска  кийимдерди кийгендин ордуна узун, жеңдүү бирок курамы жалаң кебезден турган кийимдерди кийген оң. Мындай кийимдер денени күндүн зыяндуу нурларынан сактайт жана тердетпейт. Жайдын  аптабында синтетика кошулган кийимдерден баш тартуу керек. Синтетика денеге жагымсыз гана болбостон, тердетип аллергия кылышы да мүмкүн.  Синтетика аралашкан кийимдер терди өзүнө сиңирип ала албайт да натыйжада тер денеге сиңип, бөйрөк оорусун пайда кылат.

Бетти сактоо

Күндүн зыяндуу нурлары бет терисин жабыркатып, бырыштардын пайда болушуна шарт түзгөн биринчи фактор экенин адистер айтышууда. Ошондуктан күнгө чыкканда бетти күндүн зыяндуу нурларынан коргоочу бет майлар менен коргоп, башка баш кийим кийүү сунушталат.

Үйдү кантип салкындатууга болот?

Ысыктын аптабында бөлмөнү салкындатуу үчүн үйдөгү темирден жасалган буюмдардын баарын алып салуу сунушталат. Күн тийип турган учурда терезелерди жаап, бөлмөнү караңгылатып коюу керек. Маселен терезеге калың парда тартып же ак материал менен терезени жаап салуу кажет. Болбосо кадимки фольга кагазын терезенин ичине да сыртына да чаптап койсо, кагаз ысык менен бирге бөлмөгө жарыкты да киргизбей, үй салкын боло түшөт.

Эгер терезени ачып коюу керек болуп, бирок ысык шамал үйгө үйлөп жагымсыздык жаратса, шейшепти муздак сууга салып, аны сыгып алып терезеге тагып койсо, эшиктен урунган ысык шамал сууланган шейшепке тийип бөлмөгө салкындык берип турат.

Идишке муздак суу толтуруп үйгө коюп койсо да бөлмө салкын болот.

Бөлмөгө чоң жалбырактуу гүлдөрдү коюп, аларга суу куюп койсо да бөлмө салкын болуп калат. Аябай ысып жатсаңыз бетаарчыны суулап далыга коюп алса дене табы төмөндөйт.

Ысыктан сактануунун эң жакшы жолу өтө муздак эмес сууга чайынып туруу. Эгер шарт болсо бат-баттан сууга түшүп, бети-колду муздак сууга жууп туруу керек.

Жаркынай  Кадыркулова

Булак:Фабула пресс.