Жыл сайын Кыргызстандын 60 миңдей жараны өз өлкөсүндө же чет жакта кулчулукка кабылуу коркунучуна туш болот. Бул маалыматты Бишкекте адам сатууга каршы жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын (UNODC) өкүлдөрү айтып чыгышты. Кулчулукка кептелген аялдардын көбү сексуалдык кордукка , ал эми эркектер оор жумуштарда иштөөгө мажбурланат. Миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы 175 адам кулчулуктан куткарылган.