ТМурунку билим берүү министри Чынара Жакыпова өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына кыскача мындай мааниде пост жазды. «Билим берүү тармагын реформалайм деп ал тармактагы коррупционерлердин жалаасына калдым, ууландырышты, акыры МИ6тин агенти, массондук уюмдун мүчөсү деп жалаа жабышты» – деп аяктаптыр. Бул билдирүүнүн маанисинде акыйкат тарабы арбын. Анткени биз билгенден эгемендүүлүк алган жылдардан кийин эле Энергосекторго, медицина тармагына жана билим берүү системасына эбегейсиз көп инвестиция, гранттар тартылды. Тажрыйба көргөзгөндөй, акыры келип эң эле коррупциялашкан тармак ушул үч багыт болуп калды.

Билим берүү системасындагы коррупция, башаламандык мектептерге чейин жеткени, анда миллиондогон сомдор максатсыз жумшалаарын Ново-Павловка айылындагы мектептин мисалында карасак болот. Миллиондогон сомдор бир гана мектептен чогултулуп, эч текшерүүсүз кетип жатканын эске алсак, анда республикада канча мектеп бар экенин эсептөө ашыктык кылбас. Бул системадагы туташ кризиске тушуктуруп, жалпы системанын жаназасын дал ушул азыркы министр Гүлмира Кудайбердиева окуп кетмей болду. Орус-кыргыз биргелешкен форумда грамматикалык каталар жазылган баннерди көрүп туруп, “Бир-эки ката эч нерсе болбойт” – деп министр башы менен жооп берип жатышы бул системага кайдигер, дилетант адамдар келип алганынан кабар берет.

Билим берүү министрлигине тиешелүү адистер, жогорку окуу жайдын жетекчилери билим сапатын жогорулатуу боюнча ушул убакытка чейин коомчулукка бир да сунуш бере элек. Бергендериники келегей. Педагогикалык мүнөздөгү сапаттуу билим берүүнү, так илимдер боюнча илимди өркүндөтүү деген маселелер эмес, бир туруп балон системасын, бир туруп совет системасынын көз карашын талкуулаган гана топ пайда болду. Тажрыйбаларды эске алып, совет системасы менен балон системасын ирилештирип, жалпы билим берүү сапатын жакшырталы деген эч бир окуу жай жетекчиси жок. Тескерисинче, “0” менен “о” айырмасын изилдеген, эптеп эле кандидаттык, докторлук наамга жетсем деген куу чирендер көбөйгөнүн көргөндө, бул системага түп орду менен реформа талап кылынаарын байкайбыз. Ал реформаны кылыш үчүн көз карандысыз эксперттик комиссия түзүп, онлайндык режимде кандидаттык иштердин баарын ревизиялап, кайрадан аттестациядан өткөрүү маселеси турат. Экинчиден, жалпы орто мектептерде билим сапатын жакшыртуу үчүн педагогикалык багытка талап күчтүү болуш керек. Болбосо басып жүрүп жумуш таппагандын баары мектепке мугалим болуп отуруп, акыры ушул таз кейпибизге келдик. Мектепти жарытып окубаган окуучу кийин мугалим болсо кандай таалим-тарбия бериши мүмкүн?.. Ал маселени чечүүдө ириде мугалимдердин, педагогикалык составдын айлыгын кеминде 25000 сом кылыш керек. Ошондо атаандаштык күчөп, билимдүү адамдар гана мугалим болуп калат. Жалпы окуу программасын кайрадан тез арада карашыбыз зарыл. Биз ЖОЖдордогу модулдук система өзүн актадыбы жокпу, мына ушуну күн тартибине алып чыгышыбыз керек. Андан кийин гана Билим берүү академиясы кайрадан окуу программаларын карап чыгуусу зарыл.

Антпесе билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева куурчактай жасанып, оозун боеп, каталарга кайдигер болуп жүрө берет. Жылма жүзүнө эндик коюп, министрлик буйрутма берген басмакана иштериндеги диплом, аттестаттардагы каталар бул жүрүштө азыркы министрдин баскан изине куурай сая алчудай эмес. Ал гана эмес орус-кыргыз биргелешкен форумда атактуу Ломоносовдун ректору Садовничий Кыргызстанга МГУнун филиалын ачуу боюнча жети жолу келишимге кол коюлуп анын бири да ишке ашпаганын, Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги өтө эле шалаакы экенин кыйыткан. Ошондо да мурдун балта кеспеген министр, азыр эле реформалык кадамдарга барып жибериши деле күмөн. Анан калса азыр 36 миллион доллар бул тармакка грант келе жатат. Ал грант сөзсүз Кудайбердиеванын колу менен бөлүштүрүлүшү керек… Мына Гүлмира айымды кызматтан кетирбей сары майдай сактап отурушканынын сыры…

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу.

Булак:Фабула