Украинанын укук коргоо органдары мурунку президент Петр Порошенкого дагы бир кылмыш ишин козгоду. Анын үстүнөн
Апеллециялык соттун мурунку судьясы Антон Чернушенко арыз жазган. Ал 2015-жылы өзүнө кылмыш иши ачылгандан кийин Украинадан чыгып кеткен. Ал өзүнүн арызында Порошенко менен президенттик администрациянын жетекчисинин мурунку орун басары Алексей Филатов күнөөсүз адамдарга карата жаза чыгартууга мажбурлаганын жазган. Жалпысынан алганда Порошенкого козголгон кылмыш ишитеринин саны 9га жетти.