Нариман Түлеевге кылмыш иши козголгону маалым болду. Ал Бишкек мэриясын жетектеп турган кезде бир катар жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүүгө жол ачкан деп айыпталууда. Маселен, “Ала-Арча”  VIP- шарчасы курулган жер мыйзамсыз берилип кеткен. 2009-жылы У.  Сагизбаев, Э. Жапаров, У. Көлбаев, К. Дүйшенов, М. Алтымышев, М. Турдакунов  аттуу жарандар жер тилкелерин мыйзамсыз алышкан. Албетте, алар Түлеевдин “батасы” менен жерге ээ болуп калышкан. Жогоруда аталган адамдардын ичинен Дүйшөнов менен Жапаров тизмеде “өлүү жан” катары катталып, алардын ордуна Түлеев өзү жер алгандыгы айтылууда. Түлеев 2013-жылы Бишкекке автобустарды кымбат баа менен сатып луу  коррупциялык иши боюнча 10 жыл эркинен ажыратылып, түрмөгө олтуруп, 3 жылдан кийин эркиндикке чыгып, мамлекетке 60 млн. сомдон ашуун айып төлөп кутулуп кеткен. Эске сала кетсек, бул кылмыш ишин козгоого журанлисттердин иликтөөсү да себеп болуп берген