“Электр станиялар” ишканасы кышкы мезгилге даярдык катары Казакстандан 400 миӊ тонна  көмүр сатып алуу үчүн 1 млрд. 420 миллион сомго тендер жарыялай турган болду. Тендерге катышып, көмүр алып келгиси келгендер ишкана койгон талаптарды аткарышы керек. Мисалы, көмүрдүн калорийи сапаттуу болушу абзел. Эӊ кызыгы атыӊ өчкүр, аты бар заты жок “Электр станциялар” ишканасы көп жылдан бери Казакстандын  “Шабыркул” деп аталган көмүрүн өндүрүп келаткан «Шабыркуль комир» АОсу менен түзмө –түз сүйлөшө албай, бир байкуш болуп келет. Ошондуктан бул ортомчулук ишти “Рассвет компани” деп аталган жеке компания аткарып, болушунча пайдасын көрүп жатканы маалым. Албетте, ал ортомчу компаниянын артында чоӊ адамдар турат. Анткени ортодо оӊбогондой чоӊ акча ойноп жатпайбы. Болбосо өкмөт деле казактар менен түз сүйлөшсө Шабыркул көмүрүн алда канча арзан алмак. Президент эмне үчүн бул маселеге көз салбайт. Бул жагы да көп суроолорду туудурат. Чынында казактардан көмүр сатып алуу иши чоӊ коррупциялык иштер менен коштолуп келатканы жалпыга маалым. Бул боюнча көп эле кылмыш иштери да козголду. Бирок бир да атка минер талапка ылайык жоопко тартылган жок. Кыскасы,  бул көрүнүш акча жемейдин ийгиликтүү ишке ашып келаткан даӊгыр жолу эмеспи…