Бишкек мэриясына караштуу Бишкек  Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын  жетекчиси Нурлан Койчубаковдун “акча жасамай” өнөрү ачыктала баштады окшобойбу. Аталган ишкана ушул айдын баш жагында  автобустар базасындагы турган  20 бузук автобус оӊдолуп, ишке берилди деген кабар тараткан. Көрсө, бул маалымат жалган чыкты окшобойбу. Бул тууралуу ал ишканада иштеген айдоочулардын бири informator.kgге билдирип, көмүскөдөгү “көз таӊмай” оюндарын ачыктаган. Алардын айтымында,  мэриядан каралган акчага  ишкана жетекчилиги бузулуп турган автобустарды оӊдобостон, жүрүп турган автобустарды “оүдошкон” экен. Ошондой эле ал жүрүп турган автобустарды мндан 3 ай мурун эле токтотуп койгон. Мына сага акча жасмайдын дагы бир ыкмасы. Маалыматтарда автобустарды оӊдоого 350 миӊ сом каралаган экен